Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Сербияда АКШ санкция жарыялаган эки саясатчы өкмөт мүчөсү болду


Александра Вулин (оңдо) жана Ненад Попович (солдон экинчи). Архивдик сүрөт.
Александра Вулин (оңдо) жана Ненад Попович (солдон экинчи). Архивдик сүрөт.

Сербияда парламенттин көпчүлүк добушу менен бекитилген жаңы өкмөт курамына былтыр АКШнын санкциялык тизмесине илинген эки саясатчы да киргенин «Азаттыктын» балкан кызматы билдирди. 2-майда өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы дээрлик алты сааттык талкуудан кийин жаңы өкмөттү 152 «ооба» жана 61 «каршы» добуш менен бекитти.

Жаңы курам 25 министрликтен турат. Алардан тышкары кызматы кайсы бир тармакка түздөн-түз байланбаган, бирок добуш берүү укугуна ээ беш министр да болот. Ошондой кызматтардын бири Кошмо Штаттардын санкциялык тизмесиндеги Ненад Поповичке тийди. Санкция жарыяланган дагы бир серб саясатчысы Александр Вулин премьер-министрдин орун басары болуп дайындалды.

Сербиянын BIA коопсуздук агенттигинин мурдагы директору Вулин санкциялык тизмеге «Орусиянын аймактагы зыян келтирүүчү ишмердүүлүгүнө да көмөк көрсөткөн коррупциялык жана туруктуулукка бүлүк салуучу иш-аракети үчүн» деген, ал эми ишкер жана мурдагы министр Попович «Орусиянын экономикасынын электрондук секторуна аралашкан» деген шек менен кирген.

Кошмо Штаттар санкция жарыяланган бул эки адам серб өкмөтүнө мүчө болгонуна байланыштуу «өкүнүүсүн» билдирди.

Сербия Европа Биримдигине талапкер болгонуна карабастан Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген эл аралык санкцияларына кошулбай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG