АКШ Газадагы аскерлерине коркунуч жок экенин билдирди

Ллойд Остин.

Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Жер ортолук деңиз жээгине атайын пирс куруп жаткан америкалык аскер кызматкерлерине ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кандайдыр бир кол салуу даярдап жатканы тууралуу маалымат жок экенин Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин билдирди. Гавай аралдарында Австралия, Жапония жана Филиппин өлкөлөрүнүн коргоо министрлери менен жолугушуудан кийин 2-майда өткөн пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал:

"Чалгын маалыматтарды ачыктагым келбейт, бирок азыркы тапта андай иш жасала тургандай кандайдыр бир активдүүлүк белгилери жок", - деп айтты.

Пентагондун башчысы аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Газа анклавы Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан. АКШ ал жакка гуманитардык жүк жеткирүү үчүн сектордун түндүк жээгинен бир нече чакырым аралыкта убактылуу пирс кура баштаган, анын ачылышы жакынкы күндөргө пландалууда. Курулуш иштерине 1 миңге жакын америкалык аскер тартылганы, пирс бир күндө оор жүк ташуучу 90 машинаны кабыл алууга жөндөмдүү болору, кийин машиналардын санын 150гө жеткирүү каралып жатканы маалымдалган.

Газа элине деген гумжардам алгач Кипрге топтолуп, кемеге жүктөлөт, андан ары портко жеткирилип, көмөкчү кемелер менен атайын курулган пирске барат. Ошол жактан машине менен Газага ташылып кетет.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Күлсарыда суу баскан үйлөр көгөрүп жататСузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди Сузакта жабыркаган балдарга президенттин фондунан акча берилдиСузактын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди