Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Сузактын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Сузакка барган учур.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Сузакка барган учур.

Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын күнөөсү аныкталса, жоопко тартыларын билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди. Министр 3-майда аталган районго барып, бир күн муруңку кырсыкта жабыркаган окуучулардан кабар алды.

Ал "Азаттыкка" комментарий берип, мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынарын айтты.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, баштапкы маалыматтарда 30 бала жабыр тартканы айтылган.

Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Автоунаанын ээси кармалган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Окуучулар арасында республикалык деңгээлде өтүп жаткан "Манас айтуу" фестивалы Сузактагы кырсыктан кийин токтотулду.

"Манас" эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында бир нече күндөн бери жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыккан. Кендирбаеванын айтымында, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге да каралган. Иш-чара дээрлик бардык район-шаарларда уюштурулуп, аягына чыгып калган эле.(SE\TB)

XS
SM
MD
LG