Сузактагы кырсык: "Портер" алдыдагы адамдарды, боз үйдү сүзүп кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-майда Сузак районунда окуучулар арасында "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатканда токтоп турган "Хундай-Портер" жүрүп кетип, 30дай окуучу жараат алды. Оорурканага түшкөн өспүрүмдөрдүн арасында абалы оорлору бардыгы кабарланды. Балдарды коюп кеткен жүк ташуучу машиненин айдоочусу кармалды, кырсыктын чоо-жайы иликтене баштады.