Украина союздаштары менен коопсуздук жаатындагы бир нече жаңы документти даярдап жатканын кезектеги видеокайрылуусунда өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.
«Биз өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн жети жаңы документ даярдап жатабыз. Алар – коопсуздук боюнча эки тараптуу макулдашуулар. Арасында АКШ менен курал-жарак, каржы, саясий кызматташтык багытында түзүлө тургандары да бар. Бүгүн мен командам менен мына ошол документтер боюнча иштедим, алардын айрымдарынын баштапкы тексти даяр болуп калды», - деди ал 1-майда.
Зеленский июнь айында Швейцарияда эл аралык тынчтык саммити өтөрүн, анда да бир катар жолугушуулар болорун кошумчалады.
24-апрелде АКШда Украина үчүн 61 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору дээрлик жарым жылдык талашып-тартышуудан кийин кабыл алынган.
29-апрелде Зеленский НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушууда Орусия Украинанын чыгышындагы чабуулдарын күчөткөнүн, алсыраган жана курал-жарагы жетишсиз украин аскерлери аларга каршы турууга аракет кылып жатканын, андыктан Батыштын жардамы өтө зарыл болуп турганын айткан. Ал бир аз курал-жарак келе баштаганын, бирок армияга жардам берүү үчүн андан да көбүрөөк колдоо талап кылынып жатканын билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Грузия: Талаштуу мыйзамга каршы чыккандар чагымга кабылды Ирандын бир нече шаарында нааразылык акциялары өттүПсихиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги кыргыз тилинде чыктыАКШ Орусия Украинага каршы химиялык уу зат колдонгон деп эсептейт