Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2010-жылдын Июнь окуясында адам өлтүрүүгө шек саналып 14 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ал 26-апрелде Орусиядан учуп келгенде Ош аэропортунан колго түшкөн. Милиция шектүү Орусиянын ар кайсы шаарларында жашаган жерин өзгөртүп, изин жашырып жүргөнүн кошумчалады.
Ага “2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургунун башка адамдар менен чогуу кармап, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барып өлтүргөн” деген айып тагылууда. Маркумдун сөөгү 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлообек Атазов парламентке басым күчөгөнүн айтты Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулуудаЭки айда 2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыКыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекети убактылуу жабылатИрак бир жыныстуу мамиле үчүн абакка кесүү мыйзамын кабыл алдыУкраина: орус армиясынын аткылоосунан Николаевдеги мейманкана талкаландыТбилисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы акция өттүМадумаров өкүм боюнча кийинки инстанцияга кайрылууга убакыт бар экенин кайталады