Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенге 15-майга чейин убакыт бар экенин кайталады. Саясатчынын бул тууралуу билдирүүсү Телеграмдагы баракчасына чыкты.
“Мыйзам талаасында иш алып барабыз! Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда “Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камактагы айыпталуучу тарабынан – ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн” деп жазылган. Мен өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алдым. Демек, мыйзам боюнча 15-майга чейин апелляцияга бере алабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Анын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Боршайкомдо өткөн жыйында Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Замира Байбагышева райондук соттун өкүмү чыккандан кийин 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга саясатчынын адвокаттары жана прокурорлор арызданбаганын, ал өкүм күчүнө киргендиктен Адахан Мадумаровдун мандатын алуу керек экенин айткан.
Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечими чыкканына 30 күн болгон.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.
Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыккан соң журналисттерге берген комментарийинде да жогорку инстанцияга кайрылууга дагы убакыт бар экенин айткан.
Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.
Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (BTo)