Кыргызстан: Сес көрсөткөн селден кантип коргонобуз?

Аксыда 2021-жылы болгон селден кийинки тазалоо иштери. Ал кырсыктан алты адамдын өмүрү кыйылган.

2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкыны жана сел менен коштолуп, адам өмүрү кыйылууда.

Расмий эсепте Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо кооптуулугу жогору 3600дөй участка бар. Анын 1200гө жакынында эл жашайт. Буга чейин мындай табигый апаатка жаан-чачын жана арык-каналдардын талапка ылайык тазаланбашы же таптакыр каралбай калышы себеп болсо, адистер эми муну глобалдык жылуулук көйгөйүнө, мөңгүлөрдүн тез эрип баратканына да байланыштырып жатышат.

Күн жылыганда сел башталат

20-апрелдеги нөшөрдөн кийинки сел Ош облусунда эки кишинин өмүрүн жалмады. Бир киши чагылган тийип көз жумса, дагы бири Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда cуу ташкын автоунааны агызып кеткенде каза болду. Ошол күнү Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун бир катар жолдору жабылып калды. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

21-апрелдин кечинде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курук-Сай айылында 45 турак жайдын короосун жана төрт үйдү сел каптады. Табият кырсыгы болгон жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, техникасы иштеп жатат.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм Чыгыш жана Борбор Азияда, ошондой эле Түштүк Америкада жаан-чачын ченемден ашып кетишин болжолдогон. Адистер жай алдында суу ташкындары, саратанда кургакчылык күч алат деп эскертүүдө.

Кыргызстан - тоолуу өлкө. Жыл сайын күн жылып, жамгыр башталганда сел жүрүп, жер көчөт. Өкмөт сел, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу кырсыктардын кесепеттерин жоюуга миллиондогон сомдорду бөлөт.

Ош облусундагы Ылай-Талаа айылында короосун суу каптаган үй.


Жалал-Абаддагы үч ири дарыяда – Көгарт, Кара-Дарыя жана Кара-Үңкүрдө суу ташкындашы мүмкүн деген коркунучтан улам өткөн аптада күнү-түнү нөөмөтчүлүк уюштурулган. Анын алдында Аксы, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад шаарында сел короолорду каптаган. Мындан улам каналдарды тазалоо, дамбаларды оңдоп-түзөө сыяктуу даярдык маселеси күн тартибине чыккан.

"Жыл сайын ушул абал. Жаан жааганда сел жүрөт. Төрт балам бар, эки жыл мурун үй салгам, эмне кылышты да билбейм", - деп кейип турат Сузактын Сасык-Булак айылынын тургуну Үсөн Табакулов. "Азаттыктын" кабарчысы бул айылга 17-апрелде барып келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратындагы калкты жана аймакты коргоо башкармалыгында иштеген офицер Нурсултан Беренбеков Кыргызстандагы сел жана суу ташкынына кооптуу тилкелер жөнүндө айтып берди:

Нурсултан Беренбеков

"Бизде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бар. Алар жыл бою кооптуу жерлерди изилдеп турушат. Азыркыга чейин 400 тилкени изилдешти. Анын ичинен 100го жакыны - сел жана суу ташкыны болушу ыктымал тилкелер. Өлкө аймагындагы 3600гө жакын ушундай жердин 1200дөйүндө турак жайлар салынган. Андай дарыялар бардык облустарда бар. Биздин министрликтин балансында 78 гидропост, 295 дамба, мындан тышкары жергиликтүү бийликтердин карамагындагы дамбалар да бар. Алар жыл сайын оңдолуп турат. Кошуна өлкөлөр менен тыгыз байланыштабыз. Борбор Азиядагы чукул кырдаалдарга ыкчам чара көрүү кеңсеси бар. Дайыма маалымат алмашып турабыз. Кайсы бир кошуна өлкөдө кырсык болсо, анализдеп, биздин өлкөдө ошондой учурлардын алдын алуу жолдорун издейбиз".

Дүйнөдөгү абал

Апрелде Казакстандын түндүк аймагындагы 10 облусун суу каптап, он миңдеген кишилер үй-жайын таштап, коопсуз жакка качууга аргасыз болду. Өткөн аптада селдин экинчи толкуну башталып, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылды. Суу каптаган он облустан 117 миңдей киши эвакуацияланды. Анын 40 миңдейи - балдар.

Орусиянын Оренбург облусунда, Сибирде дарыялардын денгээли көтөрүлүп, дээрлик 12 метрге жетти. Суу баскан аймактардагы турак-жайлардын чатыры гана көрүнүп, айрым жерлерде техника суу бетинде калкып калды. Апаат менен күрөш уланып жатат.

Казакстандагы суу ташкындын кесепети.

Ысык жана чөлдүү араб мамлекеттериндеги нөшөрдөн улам арыктардан суу ташкындап, жолдорду сел каптады.

Оманда өткөн аптадагы нөшөрдөн кийин сел каптаган аймактарда кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылды, алардын 10у - окуучулар. France-Presse агенттиги жазгандай, балдар отурган автобусту ташкын агызып кеткен.

Бириккен Араб Эмираттарынын тургундары соңку 75 жылдагы эң көп жааган жамгырга күбө болгонун "Халиж Тайм" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, адатта 2 жылда жаай турган жамгыр 1 саатта жаап өткөн.

Дубайга коно турган учактар башка шаарларга жөнөтүлдү. Аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу каптаган видеолор социалдык тармактарда жарыяланууда. Мектептер жана мамлекеттик органдар аралыктан иштөөгө өтүп, жергиликтүү тургундарга зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай коё туруу керектиги эскертилди.

Мансур Раманкулов

Дубай демекчи, Emirates авиакомпаниясында борт коштоочу болуп иштеген кыргызстандык Мансур Раманкулов ал жакта көргөндөрүн 17-апрелде “Азаттыкка” айтып берди:

"Бул шаарда дренаж системасы начар өнүккөн. Арыктар дээрлик жок, бир аз жаан жааса эле кыйынчылык жаралчу. Бул жолку жамгыр да ошондой бир эле болот го деп отурганбыз. Бирок мунусу өзгөчө катуу болду. Чагылган чагылып, шамал чатырларды учурду. Эл дүрбөлөңгө түшүп, үйдөн чыкпай отуруп калышты. Кудай жалгап, мага ал күнү жумуш жок эле. Терезеден карап турдум. Жертөлөлөр сууга толду, жолдо кадимкидей суу агып, баштапкы эсептерге ылайык, 5000дей автоунаа зыянга учурады. Мейманканалар элге толуп, менин айрым кесиптештерим кеңседе түнөп калышты. Башка кесиптештерим бараткан бир автобус жолдо токтоп, 12 саат бою андан чыга албай калышты".

Кыргызстандык адистердин божомолу

Бишкектеги Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун Кооптуу экзогендик гидрогеологиялык процесстер лабораториясынын башчысы Сергей Ерохин болуп жаткан окуялар тууралуу мындай ой бөлүштү:

“Жер шарында абанын орточо температурасы улам жогорулап жатат. Муну биз мөңгүлөрдүн эришинен, көл сууларынын бууланып, азайып жатышынан байкасак болот. Айрым жайларда нымдуулук деңгээли жогорулап, жаан-чачындын мол болушуна да алып келүүдө, бирок тегиз жаабай жатат. Кай бир жерлерде өтө көп, айрым жерлерде такыр жок. Илимпоздор муну дагы эле изилдөө менен алек. Азыркы байкоолорго караганда, мисалы, жаан жаап аткан 100 км аймакты ала турган болсок, анын 5-6 км чегинде нөшөр болот же калың кар түшөт, ал эми башка жерлерде себелеп эле өтөт. Жаан-чачын мол болгон жерлерде сел жүрөт же кар эрип, арык-каналдарда суу ташкындайт”.

Адис Кыргызстанда быйыл кышта кар аз жаагандыктан, дарыяларда суу ташкыны же сел коркунучу дээрлик жок деп эсептейт. Бирок башка факторлорду да көз жаздымда калтырбоо керектигин эскертет:

Сергей Ерохин

“Кар аз жааганы менен, абанын табы аябай көтөрүлүп кетсе, мөңгүлөр же тоо боорундагы карлар тез эрип, суу ташкындап кетиши толук мүмкүн. Андан тышкары, ойлонулбаган чарбалык аракеттерди жасабаш керек. Мисалы, суу сактагычтардагы сууну коё берүү сыяктуу иштерди алалы. Бул өтө кооптуу. Мен Орусиядагы дамбадан сууну коё беришкени тууралуу маалымат уктум. Чын-төгүнүн билбейм. Бирок муну такыр түшүнө албадым. Натыйжасын көрүп жатпайбызбы, дамбалар бузулду. Андыктан мындай жагдайда адистерден туура чарбалык мамиле талап кылынат”.

2023-жылдын жай айлары тарыхтагы эң ысык мезгил болду. Экологдор жакынкы беш жылда абанын табы 1,5 градуска чейин жогорулайт деп болжолдоп жатканы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму менен Европадагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө боюнча Copernicus кызматынын биргелешкен баяндамасында айтылган.

Буга чейин БУУ өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдардын көптүгүнөн жана Эль-Ниньо кубулушунан улам алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетерин эскерткен. Бул кубулуш Тынч океанынын экватордук сууларынын жылышынан улам пайда болот.

Эль-Ниньо кубулушу 2024-жылы да уланышы мүмкүндүгүн Financial Times басылмасы изилдөөгө катышкан илимпоздорго шилтеме жасап жазган.

Илимпоздор 2024-жылы дүйнө калкын суу ташкындары түйшүккө салышы мүмкүн деп божомолдойт.

Сергей Ерохин бул божомолдорго толук кошулат. Бирок жаз-жай айларында Кыргызстандын аймагындагы сел же суу каптоолорду глобалдык жылуулук көйгөйүнө толук байлабайт:

“Жазында эмне болушу мүмкүн? Нымдуулуктан улам жамгыр көп жаашы ыктымал. Адатта бул июнь айларында болот. Нөшөрдүн айынан дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал. Ал эми мөңгүлөрдүн эришинен улам дарыяларда суунун нугунун бузулушу - таптакыр башка маселе. Бул кооптуу. Ыктымалдуу мындай кырдаалдарга дайыма байкоо салып турабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да мындан кабардар. Эмне, качан, каерде болушунан алдын ала кабарыбыз бар”.

Кыйылган токойлор, жер кыртышынын сапаты

Адистердин эсебинде, соңку 30 жылдагы сел менен жер көчкүнүн кесепеттеринин чыгымын иликтесе, бир нече миллиард сомго жетет. Тилекке каршы, мындай чыгаша жыл сайын көбөйүп баратат. Кыргызстанда 3103 дарыя болсо, алардын 2500дөн көбү күн жылыганда нугунан чыгып, суу каптоо коркунучун пайда кылат.

2000-жылга чейин өлкөдөгү токой аянты кескин азайган. Буга элдин социалдык-экономикалык оор абалы түрткү болгон. Соңку 20 жылда бир топ токой аянттары кайра калыбына келгени менен, мал көбөйгөн сайын жер кыртышынын сапаты начарлап, бузулуп барат.

Ушул тапта сел жүргөн аймактардын топурагын изилдөө, дамба куруу сыяктуу чакан долбоорлор ишке ашырылууда. Ошол эле маалда жер кыртышын оңдоо, жайыт саясатын туура жүргүзүү, суу каптоонун, жер көчкүнүн алдын алуу боюнча стратегиялык пландар жок деп сынга алгандар бар. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков өкмөт мындан кырсыктын алдын алуу үчүн даяр деп ишендирүүдө. Буга мисал кылып өлкө аймагындагы каналдардын, дарыялардын жээктери бекемделип, атайын тосмолор коюлуп жатканын айтты.