Зеленский: Украинанын согушта жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев согушууга зарыл бардык курал-жаракты алса, украин куралдуу күчтөрүнүн майданда жеңүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Бул тууралуу ал америкалык NBC телеканалына курган маегинде билдирди. Анын алдында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага 60 миллиард 800 миллион долларлык жардам берүүнү акыры жактырган. Зеленский учурда Украина алыска атуучу курал-жабдыкка жана абадан коргонуу системаларына муктаж экенин билдирди.

Украин президенти Конгресстин чечиминен кийин Вашингтон украин армиясына курал-жабдыкты тезинен жөнөтөрүнө үмүттөнөрүн айтты.

"Учурда кырдаалды турукташтырып, демилгени өз колубузга алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан бул системалар бизге абдан керек”, - деди Зеленский.

Согуштун мөөнөттөрү тууралуу айтып жатып, ал баары жардамга жараша болорун дагы бир ирет баса белгиледи. Буга чейин ал Өкүлдөр палатасынын чечимин комментарийлеп жатып, бул кадам “миңдеген, миңдеген өмүрлөрдү сактап каларын” айткан.

Зеленский ошондой эле америкалык саясатчыларга ыраазычылыгын билдирди.

Мыйзам долбоору эми Сенаттан өтүшү зарыл. Ал жакта биринчи добуш берүү 23-апрелге белгиленди.

АКШ президенти Жо Байден Сенатка кайрылып, документти болушунча тезирээк карап, кабыл алып берүүгө чакырды.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул чечим Американы дагы байытып, Украинаны кыйроого учуратарын билдирди.

20-апрелде Өкүлдөр палатасынан жалпысынан 95 миллиард долларлык аскердик жардам тууралуу төрт мыйзам долбоору колдоо тапты, анын 61 миллиардга жакыны Украинага, калганы АКШнын союздаштары Израилге, Тайванга, Инд-Тынч океан аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, Газага, Суданга, Гаитиге гуманитардык жардам жөнөтүүгө бөлүп берилет.

Дагы караңыз

Бишкектеги "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 39 адам жабыркадыКыргызстанда 4 айыл аймагы менен 13 айылдын аталышы өзгөртүлдүБритан тышкы иштер министри Кэмерон президент Жапаров менен үч маселени талкуулайт