Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Бишкектеги "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 39 адам жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 15-апрелде 27 адам, ошондой эле 18-апрелде "Кыз узатуу" тоюнда дагы 12 адам жабыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдады.

Ресторанга 18 миң сом айып пул салынып, 23-апрелден тарта жабуу тууралуу эскертүү берилди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлагандай, ресторандан текшерүүгө даяр тамактар, азык-түлүктөр алынган. Ашканадагы жабдуулардын тазалыгы текшерилип, 31 кызматкер кароодон өткөрүлгөн.

Кыргызстанда буга чейин да аш-тойлордо, тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Былтыр октябрда Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 70тен ашуун адам шаурмага ууланган. Арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар. Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардагы жыйырмага чукул тез татым ашканасы жабылып, санитардык ченемдерди бузганы үчүн аларга жалпы 300 миң сомго жакын айып пул салынганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG