Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бишкек.

22-23-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолордогу автоунаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° болот.

Дагы караңыз

Кыргыз күрөшүнүн доору, легендага айланган балбандар Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болдуБритан тышкы иштер министри Кэмерон президент Жапаров менен үч маселени талкуулайт Заманбап кыргыз тарыхчылары жалпы тарых көйгөйлөрүн да иликтеши зарыл АКШга жиберүүнү убада кылып, алдамчылыкка шек саналган адам камалдыКелинине кол көтөргөн кайната кармалды. Зомбулук коштогон мүлк талаш