Кыргызстанда 4 айыл аймагы менен 13 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Кыргызстандын картасы.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде айыл аттарын өзгөртүү боюнча 19-апрелде жыйын өтүп, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын аталышы боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымады.

Ага ылайык, Баткендин Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылы Орто-Боз, Чымген айылы Чымкен, Голбо айылы Алтын-Бешик, Маданият айылы Айбийке, Чапаев айылы Арча-Бешик айылы болуп өзгөртүлдү.

Ат-Башы районунун Дыйкан айылы Чоко-Бий, Нарындын Жергетал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов болуп өзгөртүлдү. Кара-Кулжа районун Сары-Булак айылы Рыспай Абдыкадыров, Өзгөндүн Киров айылы Кенжебай айылы болду.

Айтматов районундагы Куру-Маймак айылы Сатыкей, Покровка айыл аймагы Семетей, Ысык-Ата районундагы Горная Серафимовка айылы Кебек-Бий, Сокулуктагы Военно-Антоновка айылы Кожомкул, Кемин районундагы Новомихайловка айылы Бообек болуп которулду.

Буга чейин да айыл, район аттары өзгөртүлгөн учурлар болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев былтыр 25-26-ноябрдагы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызча кылып алмаштырууну сунуш кылган. Анын сөзүнө расмий Москва реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары "Кыргызстанда орус тилин кодулоо болуп жатат" деген билдирүү менен чыкканда, коомчулукта катуу талкуу болгон. (TSh)

Дагы караңыз

Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болду