Кыргызстандык төрт спортчу Парижге жолдомо утту
Амантур Исмаилов (солдон үчүнчү) Олимпиадага жолдомо утуп алган жапониялык, казакстандык жана өзбекстандык балбандар менен.
Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеште Амантур Исмаилов 67 кг салмакта лицензия үчүн грек-рим күрөшүнөн кытайлык Хусиету Хусиетини 9:1 менен утту.
Амантур Исмаилов 26 жашта. Ал дүйнө чемпионатынын (2022, 2023), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси.
"Олимпиадага жолдомо алган менин салмагымда бардык атаандаштарымды билем. Бардыгы тажрыйбалуу, күчтүү балбандар. Бирок олимпиададан медал алуу жеке спортчунун өзүнөн, даярдыгынан көз каранды. Андыктан алдыдагы олимпиада машыктыруучуларым менен даярданабыз", - деди Амантур Исмаилов мелдештен соң.
Ал спорттук жолунда биринчи ирет олимп оюндарына жолдомо утуп алды.
Үч күнгө созулган мелдеште жалпы 36 жолдомо ойнотулду. Ар бир күрөш түрүнөн төмөндөгү салмактарда финалга чыккан экиден спортчуга жолдомо ыйгарылды: эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг.
20-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн мелдеште 68 кг салмакта лицензия үчүн күрөштө кыргыз спортчусу Мээрим Жумуназарова өзбекстандык балбан кыз Набира Эсенбаеваны 7:2 менен утуп, кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстан үчүн үчүнчү жолдомону утуп алды.
24 жаштагы Мээрим Жуманазарова үчүн бул экинчи Олимпиада оюндары болмокчу. Ал 2021-жылы өткөн Токио олимп оюндарында коло байге уткан.
Мээрим Жуманазарова - Дүйнө чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, Азия чемпиону жана V Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү.
"Париж олимпиада оюндарына жолдомо утуп алганыма сүйүнүп турам. Былтыр дүйнө чемпионатынан кийин ийинимден жаракат алган элем. Эки ай мурун мелдешке даярдана баштадым. Килем үстүндө моралдык жактан даяр болсом да, күрөшүп жатканда башкача сезим болду. Буюрса, эми олимпиадага даярданам", - деди балбан кыз мелдештен кийинки маегинде.
Лицензиялык мелдештин алгачкы күнүндө эркин күрөштөн Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев жолдомо утуп алды.
65 кг салмакта Эрназар Акматалиев Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы 5:3 эсебинде жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.
Эрназар балбандын бул экинчи Олимпиадасы болмокчу. Токио олимп оюндарында балбан биринчи беттешинде жеңилип, мелдештен четтеп калган эле.
25 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону болгон.
Жаштар арасындагы Азия чемпионатында (2018-жылы) жана 2022-жылы апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында күмүш медал тагынган.
Эркин күрөшчү, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 3:3 эсеби менен утту.
Бекзат Алмаз уулу биринчи жолу Олимп оюндарын жолдомо утту.
Эркин күрөштөн Париж олимпиадасын жолдомо уткан балбандар.
Эркин күрөштөн жалпы алты балбан лицензиялык мелдешке катышып, үчөө жарым финалга чыкты. Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу жолдомо утса, 74 кг салмак ченинде Орозобек Токтомамбетов лицензия үчүн беттеште өзбекстандык атаандашына утулуп калды.
Ал эми грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык жолдомо үчүн төрт балбан мелдешке катышып, үчөө жарым финалга чыкты. Амантур Исмаилов жеңишке жетсе, балбан Үзүр Жусупбеков менен Роман Ким жолдомого бир кадам жетпей калышты.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев мелдеш учурунда. Эми олимпиадага жолдомо ута албай калган кыргызстандык балбандар 5-майда Стамбулда өтө турган акыркы лицензиялык мелдешке катышат.
Балбан Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта өзбекстандык балбан Рустам Ассакаловго жеңилип калды.
Өзбек балбаны Рустам Ассакалов жеңишине кубанып жаткан учуру. Парижде өтө турган жайкы олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августа чейин болот.