АКШнын аскердик жардамынын жаңы топтому, анын ичинде алыска сокку ура алчу ATACMS ракеталары Киевге кийинки аптада жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу CBS News телеканалына маек куруп жатып демократ-сенатор Марк Уорнер билдирди.
“Мыйзам долбооруна президент кол коеру менен эле жума соңуна чейин бул жүк (курал-жабдык) жолго чыгат деген ишеничтемин”, - деди сенатор Уорнер.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 20-апрелде Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Каралган 60,84 млрд доллардын 23ү америкалык курал-жабдыктын ордун толтурууга, 11 млрд Украинадагы АКШнын аскердик операцияларын каржылоого жана 14 млрд курал-жабдык жана коргонуу каражаттарын сатып алууга сарпталат. Андан тышкары Киевге экономикасын кармап туруу үчүн 7,85 млрд доллар насыя берилет.
Конгресстеги добуш берүү
Украинага кошумча ири аскердик жардам тууралуу мыйзам долбоорун АКШ администрациясы Конгресске былтыр октябрда сунуштаган. Демократтар басымдуулук кылган Сенаттан өтүп, бирок республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасына келгенде демилге каршылыкка туш болгон.
Натыйжада бул палатада мыйзам долбоору добушка 20-апрелде коюлуп, жыйынга катышкан 423 конгрессмендин 311и «макул» деген добушун берди. Алардын арасынан демократтар – 210у баары тең бир добуштан макулдугун билдиришти.
Республикачылардын 101и да «макул» деп добуш берди, калган 112си каршы чыкты.
Украин президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда АКШнын бул кадамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, «миң-миңдеген өмүрлөрдү сактап калууга» мүмкүнчүлүк ачылып жатканын айтты:
«Бүгүн биз көптөн бери күткөн чечим кабыл алынды. Американын бул жардамы үчүн жан үрөп күрөштүк. Согуш талаасында алдыңкы катарда салгылашып жаткан жоокерлерибиз да, орустардын террорунан жапа чегип келаткан шаар-кыштактарыбыз да сезе тургандай, өтө маанилүү жардам. Америка согуштун алгачкы күнүнөн тартып лидердигин көрсөтүүдө. Биз бул согуштун адилет аякташын жакындатыш үчүн америкалык жардамды сөзсүз колдонобуз. Путин бул согушта утулушу керек».
Кезек Сенатта
Мыйзам долбоору эми Сенаттан өтүшү зарыл. Ал жакта биринчи добуш берүү 23-апрелге белгиленди.
АКШ президенти Жо Байден Сенатка кайрылып, документти болушунча тезирээк карап, кабыл алып берүүгө чакырды.
«Бүгүн Өкүлдөр палатасындагы эки партиянын тең өкүлдөрү биздин улуттук коопсуздугубуз үчүн зарыл чечим кабыл алышты жана АКШнын дүйнөлүк аренадагы күчүн тастыктаган айкын ишарат беришти», - деп айтты Байден.
Ал мыйзам долбоору колдоо тапканы үчүн Өкүлдөр палатасынын төрагасы, республикачы Майк Жонсонго да ыраазычылыгын билдирди.
Жонсондун Украинага жардамга каршы партиялаштары эгер ал мыйзам долбоорун добушка коё турган болсо өзүн төрагалыктан кетирерин айтышкан. Эки ай бою Жонсон алардын тилинен чыкпай келди эле.
Бирок 17-апрелде акыркы чечимин кабыл алганын билдирди. 20-апрелде мыйзам долбоору палатадан өтүп кеткенден кийин да аны кызматынан кетирүү тууралуу сунуштар айтылды.
Өзү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул мыйзам АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү экенин, себеби Орусия, Кытай жана Иран коркунуч жаратып жатканын айтты.
"Биз бул жерде өз ишибизди жасадык. Менимче, тарых аны жакшы баалайт", - деди Жонсон.
Талашка негизги себеп Конгресстеги республикачылар менен демократтардын АКШнын Мексика менен чек араны бекемдөө маселесиндеги пикир келишпестиги болуп келген. Республикачылар Украинага кошумча жардам маселеси чек арадагы миграциялык саясат күчөтүлгөндө гана талкууланышы мүмкүн деген шарт коюшкан.
Февраль айынын башында Ак үй айрым шарттарга макул болгон, бирок ага мурдагы президент, республикачылардын атынан быйылкы президенттик шайлоого да катышканы жаткан Дональд Трамп каршы чыгып, долбоор колдоо таппай калган.
20-апрелде Өкүлдөр палатасынан жалпысынан 95 миллиард долларлык аскердик жардам тууралуу төрт мыйзам долбоору колдоо тапты, анын 61 миллиардга жакыны Украинага, калганы АКШнын союздаштары Израилге, Тайванга, Инд-Тынч океан аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, Газага, Суданга, Гаитиге гуманитардык жардам жөнөтүүгө бөлүнүп берилет.
Кремлдин реакциясы
Орусия АКШнын Украина боюнча кадамын айыптап чыкты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Бул Кошмо Штаттарды ого бетер байытат, ал эми Украинаны азыркыдан да көп кыйроого учуратат, Киев режиминин айынан мындан да көп кишини өлүмгө дуушар кылат», - деп айтты.
Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди, бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.
АКШнын Коргоо министрлиги мыйзам толук жактырылып, кол коюлса Украинага жардам жакынкы арада, бир апта ичинде эле жөнөтүлө баштай турганын билдирди.
Убада кылынып жаткан 60,84 миллиард доллардын 23,2 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11,3 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат.
13,8 миллиарды заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды кайтарылгыс насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган.
Соңку айларда Москванын Украинага чабуулдары күчөдү. Артиллериялык курал-жарак түгөнгөндүктөн, өлкөнүн Орусия менен чектеш чыгыш тилкесинде саны жагынан да, куралдануусу жагынан да кыйла күчтүү орус аскерлери үстөмдүк көрсөтүп, ар кайсы аймактарда күн сайын адам өмүрү кыйылууда.