Грузия парламенти, тактап айтканда, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Долбоорду Орусиядагы ушундай эле мыйзамдын көчүрмөсү деп сындаган оппозиция добуш берүүнү бойкоттоду. Бул Грузия бийлигинин “чет элдик агент” мыйзамын парламент аркылуу кабыл алдыруунун экинчи аракети. 2023-жылдын мартында жапырт нааразылык акцияларынан улам документти артка кайтарууга аргасыз болгон. Эмне себептен Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын алган расмий Тбилиси бул мыйзамды кабыл алууга ашыгууда?
Быйыл сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда былтыркыдан айырмаланып, “чет элдин таасириндеги агент” деген сөз айкашынын ордуна “чет өлкөлүк күчтөрдүн кызыкчылыгын жактаган уюм” деген аталыш колдонулат.
“Грузин кыялы” партиясы бул мыйзам грант алуучулардын каржысынын ачык-айкындыгын камсыздаарын билдирип келет.
Парламент спикери Шалва Папуашвилинин айтымында, бийликти баарынан да эки чет элдик фонддун ишмердиги кызыктырууда. Алардын бири - 2013-жылы негизделген “Демократия үчүн Европа фонду”, ал эми экинчиси - АКШ Конгресси каржылаган, 1983-жылы түптөлгөн “Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд”.
Бийликтин версиясына караганда, дал ушул эки фонд өлкөдөгү “радикалдуу” бейөкмөт уюмдардын жана Грузиядагы каршылык акцияларынын артында турат.
15-апрелде документ парламент комитетинде карала баштагандан бери миңдеген адамдар Тбилисиде нааразылык акциясына чыгууда. Алар бул мыйзам долбоору Орусиядагыдай эле маалымат каражаттарын жана оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоо үчүн колдонулат деп кооптонушат.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылгандан кийин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель расмий Тбилисинин бул кадамын сынга алды.
“Окуялардын мындай өнүгүшү терең тынчсызданууну жаратат жана бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Грузиянын өнүгүшүнө кедергисин тийгизет. Грузиянын Евробиримдикке карай алган багытына терс таасир тийгизиши мүмкүн”, - деп жазылат шаркеттин билдирүүсүндө.
Демонстранттар былтыркыдай эле “Грузин кыялы” партиясын мыйзамды артка кайтарууга аргасыз кыларына ишенишет.
17-апрелде нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ чачты, 11 киши кармалды. Жараат алган бир нече адам ооруканага түштү. Укук коргоочулардын айтымында, полиция кармалган акциянын катышуучуларын уруп-сабаган.
17-апрелдин кечинде демонстранттар бийликтен бир сааттын ичинде мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылышты. Өкмөт үн катпагандыктан, чогулгандар Мамлекеттик канцеляриянын имаратын көздөй багыт алышты. Алар премьер-министр Ираклий Кобахидзе менен жолугууну талап кылып, полиция кызматкерлерине баш ийбей имараттын ичине кирүүгө аракет жасашты.
“Грузин бийлиги экинчи ирет артка чакыртып алгыдай документти сунуштамак эмес. Албетте, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы грузин коому канчалык жапырт жана узакка басым жасай аларынан көз каранды. Бийлик үчүн азыр Батыштын реакциясы эч кандай мааниге ээ эмес. Өлкө Евробиримдикке кирүү үчүн талапкер макамын алды. Грузин кыялы үчүн азыр баарынан да алдыдагы шайлоодогу жеңиш маанилүү”, - дейт Free Russia Foundation фондунун Түштүк Кавказдагы бөлүмүнүн башчысы Егор Куроптев.
Грузиянын бир мандаттуу парламентине шайлоо 2024-жылдын 26-октябрына белгиленген.
Куроптевдин айтымында, бийлик үчүн элдик толкундоолорго каршы туруу бир топ эле кыйын болот. Митингге чыгып жаткандардын арасында белгилүү адамдар да көп.
“Грузияда эл мыйзамдын жокко чыгарылышынан баштап, мыйзам чыгаруучулардын таркатылышына чейин, айтор эмнени көздөсө, ошонун баарына жете алат”, - дейт Куроптев.
18-октябрда Грузия оппозициясындагы алты партия “чет элдик агент” тууралуу бирдиктүү билдирүү жарыялады. Анда грузин эли бийликчил партия сунуштаган мыйзам долбоору Грузиянын Конституциясына каршы келет деген ишеничте экени белгиленет.
“Андан тышкары грузин элинин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу мүдөөсүнө, өлкөбүздүн эгемендигин узак мөөнөткө камсыздоо максатына каршы келет. Жүрөгү түшкөн орусиялык олигарх Бидзина Иванишвили, агрессивдүү парламенттеги топту жана катаал полиция бөлүмүн колдонуу менен Грузиянын европалык келечегине балта чабууну көздөп турат. Буга күчтүү, бирдиктүү, тилектештик менен караган грузин коому каршы турат”, - деп жазылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан мыйзам долбоору экинчи окууга 30-апрелден эрте чыгарылбайт. Ал эми үчүнчү окууга май айынын ортосунда чыгарылышы ыктымал.
Орусиялык жазуучу Борис Акунин (Григорий Чхартишвили) грузин бийлигинин “чет элдик агент” тууралуу мыйзамын кабыл алуу планы тууралуу комментарий берди.
“Грузия мага бөтөн эмес. Мен Грузияда туулдум, мен дагы “швилимин”, ал жакта туугандарым, досторум көп. Мага Орусия кулаган аңга Грузия сыяктуу демократиялык мамлекет да түшүп баратканы капалантат”, - деп жазды Акунин социалдык тармакка.
“Грузин кыялы” эмне дейт?
Премьер-министр Ираклий Кобахизде сөз болуп жаткан долбоор биринчи окууда кабыл алынгандан кийин бул документ аркылуу бийлик өлкөнүн эгемендигин коргоорун айтты.
“Мыйзамга каршы бир да аргумент келтирилген эмес, нөл аргумент. Мыйзам европалык баалуулуктарга каршы келерин айтышууда. Кайсы беренеси менен? Эмнеге? Аргументтери жок”, - деди ал.
Ал мыйзам долбоорун майдалап карап чыгуу үчүн Евробиримдиктин жана АКШнын элчилерин теледебатка чакырды.
“Баарынын эсине салам: Грузия - чакан болсо да көз карандысыз мамлекет. Грузин эли үчүн эгемендик, эркиндик - эң жогорку баалуулук. Ошондуктан эч кимдин бизге жөнү жок эле ар нерсени үйрөтө беришине жол койбойбуз”, - деди ал.
Президент вето коюуга ниеттенип жатат
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбооруна вето коюуга ниеттенип жатканын “Немис толкуну” агенттигине курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бийликчил партиянын депутаттарынын планына элдин нааразылык акциялары жана октябрдагы шайлоодо көрсөткөн позициясы гана жолтоо боло алат.
“Бул грузин калкы үчүн, Грузия үчүн Евробиримдикке кирүүдөгү башкы сынак болот”, - деди президент. Ал Тблиси ушул жыл соңунда Еврошаркетке кошулу туралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга ниеттенип жатканын кошумчалады.
“Бул абдан маанилүү кадам. Ошондуктан Орусия басым көрсөтүп, жол тороп жатканы күтүүсүз деле эмес. Мына ушул себептен биз Орусиянын таасири тууралуу суроолорду көп берип жатабыз”, - деди президент.
Грузин кыялы үчүн эң башкы максат октябрдагы шайлоону утуп, бийликте калуу экенин Грузиянын Орусиядагы мурдагы элчиси Валерий Чечелашвили да белгилейт.
“Шайлоо алдында маалымат айдыңын толук көзөмөлгө алуу керек. Бул үчүн көз карандысыз пикирлерди, көз карандысыз баалоолорду, альтернативдүү ойлорду, жарандык сектордун жана бейөкмөт уюмдардын ишин токтотууну көздөп жатышат”, - дейт ал.
Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзамды туурап, эркин ойлонгондорду жана жарандык коомду чектейт, Грузияны авторитаризмге түртөт деп айтылган мыйзам долбоорун жактыруу боюнча угууну парламент 2023-жылы март айында баштаган.
Ошол учурда он миңдеген кишилер борбор калаа Тбилисиде бийликтин мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесине каршы нааразылык акцияларын уюштуруп турган. Куралданган полиция аларды кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүркүп тараткан. Ондогон кишилер кармалган. "Грузин кыялы" процессти күтүүсүздөн токтотуп, мыйзам долбоорун чакыртып алууга аргасыз болгон.
Өткөн аптада 8 миңдей киши баш калаанын борборуна нааразылык акциясына чыгышкан.
2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачыктыгын, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар дуушар болору айтылат.