Казакстанда сел каптаган аймактарда эвакуация иштери уланууда

Казакстан.

Казакстанда 15-апрелге караган түнү Түндүк-Казакстан облусунун Кызылжар районунда дагы 894 жергиликтүү тургунду эвакуация кылышканын, алардын 112си балдар экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

1700дөн ашуун үйдү суу каптаган бул облуста буга чейин коопсуз жакка көчүрүлгөндөр 7 миңден ашуун адам болгон.

Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуация кылынгандар бүгүнкү күнгө карата 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат.

Селден эң көп жабыркаган Атырау облусунун Күлсары шаарынын тургундарына жардам үчүн мамлекеттик материалдык резервден 264 тонна азык-түлүк бөлүндү.

26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлүп отурат.

Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан.

4-апрелде Батыш Казакстан облусуна өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев барып, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган жана кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону себеп экенин айткан.

Адистер Казакстан азыркыдай суу каптаган абалга 80 жылдан бери тушуга элек болгонун айтып жатышат.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, бир нече адам дайынсыз болууда. (RK)

Дагы караңыз

Мэриянын демилгеси: Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үйлөр бузулабы? Мэрия Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча комментарий бердиПакистанда үч күндө жаратылыш кырсыгынан кеминде 36 адам каза таптыБУУ сотунда Азербайжан менен Армения ишин кароо уланды