Бүгүн, 13-апрелдин таңында Оренбургдагы Урал дарыясындагы суунун деңгээли 11,71 метрге чейин көтөрүлгөнүн аймактын губернатору Денис Паслер билдирди.
Бул бийлик бир күн мурда болжолдогон чектен көп, алар 11,65 метрди болжоп жатышкан.
Паслердин айтымында, суу эми мындан ары көтөрүлбөйт. "Биз суунун бул жеткен чеги деп эсептейбиз: мындан ары көтөрүлбөйт, кырдаал турукташып, суу азаят" деп жазды ал.
Жергиликтүү басылманын маалыматында, Оренбургдагы дарыя дагы көтөрүлүп, 1180 сантиметрге жеткен. Бийлик азырынча муну тастыктай элек.
Мамлекеттик администрациянын маалыматында, аймакта 12 миңден ашуун үй жана 17 миңден ашуун короо-жай суу астында калды.
Жабыркаган аймактардан 13 миңден ашуун адам эвакуацияланган, алардын миңге жакыны убактылуу жайгаштыруу пункттарында жан сактап жатат.
Суу каптаган аймактын жашоочулары мамлекеттен каржылык жардам сурап, 193 миңдей арыз жазышкан. Бийлик азырынча алардын алты миңге жакын өтүнүчүн гана канааттандырды.
Бир жолку төлөм бир адамга 20 миң рублди түзөт, эгерде турак жай, мүлкү толугу менен талкаланып, жоголсо, өкмөт жүз миң рубль убада кылат.
Дагы караңыз
Күрөш: Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында күрөшөтКостанайда активист селден жабыркагандарды колдоо пикетин өткөрдүОрусияда баллистикалык ракета сыноодон өттүМэрия Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулуштарды бузатАктер Азиз Мурадилаевдин эстелиги коюлдуКытай Орусияга микроэлектроника жеткирүүнү кескин көбөйттү