Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 10-апрелде түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17 градус жылуу.
Бишкек шаарында түндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, түндүн экинчи жарымында жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 19…21° жылуу болот.