Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Тасмагамбетов менен Отунбаева Ооганстан маселесин талкуулашты


Имангали Тасмагамбетов жана Роза Отунбаева. 8-апрель, 2024-жыл.
Имангали Тасмагамбетов жана Роза Отунбаева. 8-апрель, 2024-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетов 8-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен жолугушту.

Бул тууралуу маалымат Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Роза Отунбаева Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жана аймакка жардам берүү иштери тууралуу айтып берген. Ал эми Имангали Тасмагамбетов ЖККУга мүчө өлкөлөр Ооганстандын көз карандысыз, согуштан, баңгизаттан алыс мамлекет болушун каалай турганын билдирген.

2021-жылы 15-августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер “инклюзивдик өкмөт” түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир да өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан “Талибан” өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG