Кыргыз режиссерунун тасмасы Өзбекстан менен Орусияда чоң прокатка чыгат

Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы 11-апрелде Өзбекстанда жана Орусияда чоң прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Расмий кабарда тасманы профессионал актерлор үн коштоп, дубляж кылганы белгиленген.

Фильм 21-марттан баштап Казакстанда көрсөтүлүп, эң көп көрүлгөн кинолордун сап башына чыккан. Алгачкы жумада эле 1 миллион доллардан ашык каражат чогултканы кабарланган.

Марттын башында кыргызстандыктарга тартууланган фильм күнүгө бир канча сеанс менен коюлуп, элдин кызыгуусун жараткан.

“Бейиш эненин таманында” тасмасындагы окуя Кыргызстандагы айылдардын биринде жашаган карапайым эне менен анын уулунун турмушун сүрөттөйт. Башкы каарман Адил - 35 жашка чыкканы менен, акыл-эси тестиер баланындай кала берген, ак жүрөк адам. Энесинен, кийин мечиттеги имамдан бейиш тууралуу уккан Адилде карыган апасын ажылыкка жөө алып баруу тилеги ойгонот. Бул айылдаштарына күлкү болгону менен кийин реалдуу ишке ашат.

Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабияда тартылган. Киножаратуучулар тасманы жаратууга президент Садыр Жапаров жардам бергенин белгилешкен. (SE)

Дагы караңыз

Тасмагамбетов менен Отунбаева Ооганстан маселесин талкуулаштыСадыр Жапаров кармалган “мекенчилдер” боюнча комментарий берди"Баладагы аутизм белгилери эрте аныкталганы жакшы"