Түркиядан Орусияга экспорт кескин кыскарды

Орусия менен соода кылган түрк компанияларына каршы санкциялар киргизилгенден кийин эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү кескин кыскарды. Бул тууралуу 6-апрелде Bloomberg агенттиги маалымат таратты.

Түркиянын Соода министрлигинин маалыматында, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын Орусияга экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 33,7% азайган. Айрыкча станок, электр кыймылдаткычтар жана насостордун экспорту кыскарган.

Машина куруу жана экспорттоочулар ассоциациясынын төрагасы Кутлу Каравелиоглунун агенттикке берген маалыматында айтылгандай, быйыл товарларды экспорттоого чектөөлөр жана санкциялардан улам Орусияга жүк ташуунун көлөмү 1 миллиард долларга кыскарышы мүмкүн. Бул өткөн жылдын соода көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Буга чейин Евробиримдик Түркия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарын Орусияга тыюу салынган товарларды негизги жеткирүүчү экенин эскерткен. Вашингтон да Орусияга буга чейинки санкцияларды айланып өтүүгө жана "көшөгө артында орусиялык аскерлерди камсыздоого" жардам берип жаткан 100дөй компанияга экспорттук чектөөлөрдү киргизген. Натыйжада бир нече түрк жана кытай банктары орусиялык кардарлар менен иштешүүнү токтотушкан.

2024-жылдын февраль айына карата Батыш өлкөлөрү орусиялык компанияларга жана жеке адамдарга каршы 18 миң санкция киргизген. Алардын саны Оруссия Украинага басып киргенден бери алты эсеге өстү.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип турат. Анкара Москва менен Киевдин ортосуна арачы түшүп, Стамбулда жана Анталияда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурган. (ElB)

Дагы караңыз

МПИ медиадагы жалаа үчүн жоопкерчилик киргизүү демилгесине тынчсыздануу билдирдиКыргыз режиссерунун тасмасы Өзбекстан менен Орусияда чоң прокатка чыгатТасмагамбетов менен Отунбаева Ооганстан маселесин талкуулашты