Мэрия айрым көчөлөр курулуш компаниялардын эсебинен узартыларын маалымдады

Акылбек Жапаров Бишкектеги көчөлөрдү кеңейтүү долбоору менен таанышууда. 8-апрель, 2024.

Бишкек шаарында бир нече көчөнү кеңейтүү иштери жүрүүдө. 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча долбоорлор менен таанышты. Анда Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн ары Жоомарт Бөкөнбаевге чейин узартуу каралган. Долбоорго Фучик көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Товарныйга чейинки бөлүгү да кирген.

Акылбек Жапаров шаар көчөлөрүн долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын кеңейип жатканын жана унааларын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

5-апрелде калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүн түштүктү карай узартуу иштери башталган. Бул көчө Аалы Токомбаев көчөсүнөн жогору карай узарат, каналдын үстүнө көпүрө салынып, жол “Газпром” мектебине чейин барат.

“Келечекте Куттубаев көчөсүнөн "Маариф" мектебине чейин жаңы көчө пайда болот, ал эми Молдобасанов көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө барып кошулат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Байтик Баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктире турган жол курулат”, - деп айтылат маалыматта.

Мэрия мындай өзгөрүүлөр борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана түштүк батыш, түштүк-чыгыш тарабын бириктирген коридор түзүү үчүн жасалып жатканын белгилеген.

Жолдор курулуш компанияларынын салымынын эсебинен курулуп, 240 млн сомдой акча кетери айтылды.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулууда.

Дагы караңыз

Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Актөбө облусуна багыт алдыТемиров жубайына абакта күч колдонулушун журналисттик иликтөө менен байланыштырды МАГАТЭ: дрон чабуулу Запорожье АЭСиндеги энергетикалык блокко зыян келтирдиАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт