Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Ош шаары, Сулайман-Тоо.
Ош шаары, Сулайман-Тоо.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Кыргызстанда 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 градус жылуу.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 13…15° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG