"Рахиманы биз башкаларга үлгү кылып көрсөтчүбүз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зомбулуктун курмандыгы болгон 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда жашаган келин 4-апрелге караган түнү күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Кылмышка шектүү деп маркумдун күйөөсү Б.К. аттуу жаран кармалды. Укук коргоочулар соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн белгилеп, бийликтен кескин чара көрүүнү талап кылууда.