Түндүк Македонияда президенттикке жарыш башталды

Стево Пендаровский жана Гордана Силяновская-Давкова.

Түндүк Македонияда президенттик кызмат үчүн ат салышуу жана үгүт өнөктүгү 4-апрелде расмий башталды. Жети талапкердин арасынан бирин тандоо үчүн эки айлампалык добуш берүү уюштурулат.

Добуш берүү май айында, 8-майдагы жалпы шайлоо менен жыйынтыкталат. Биринчи айлампасы 24-апрелде өтөт.

Баштапкы сурамжылоонун тыянагы көрсөткөндөй, экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюп жаткан азыркы президент, башкаруучу социалд-демократтар партиясынын өкүлү Стево Пендаровский жана негизги оппозициялык борборчул-оңчул коалиция көрсөткөн Гордана Силяновская-Давкова алдыда келе жатышат.

Силяновская-Давкова 2019-жылы да президенттик шайлоого катышкан.

Бул өлкөдө президент церемониалдык кызмат деп эсептелет. Ал беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Түндүк Македония мурдагы Югославиядан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн бири. 1991-жылдагы референдумда македониялыктар Югославиядан чыгуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган.

Түндүк Македония азыр Евробиримдикке талапкер деген макамга ээ тогуз өлкөнүн бири, калгандары - Албания, Босния жана Герцеговина, Грузия, Молдова, Черногория, Сербия, Түркия жана Украина. (RK)

Дагы караңыз

Серб республикасында "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети улануудаТашиев Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын айттыТашиев Искендер Матраимов боюнча да "маалымат бар" экенин билдирди