Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык мекемелерди, мектеп, бала бакча, медициналык мекемелерди жакшыртуу максатында 2024-жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.
Мисалы, Жалал-Абад облусунан 107, Баткен облусунан 34 долбоор кирген.
5-апрелге карата Жалал-Абад облусуна дем берүүчү грант катары 300,2 млн сом бөлүндү. Бул каражат 32 мектеп, тогуз бала бакча, беш медициналык мекеме, 44 инженердик-коммуникациялык инфраструктура, маданий, спорттук жана башка социалдык мекемелерге берилет.
Баткен облусуна дем берүүчү грант катары 107,9 млн сом бөлүнүп, жалпы төрт мектеп, алты бала бакча, бир ФАП, 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектиси жана башка мекемелерди оңдоп-түзөө, жакшыртуу иштерине сарпталат.
Дем берүүчү гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык мекемелерди жакшыртуу үчүн 2024-жылга мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн.(ZKo)