HRW "чет элдик агент" мыйзамы үчүн Еврошаркетти айыптады

Грузия. 2023-жылдын март айы. "Чет элдик агент" мыйзамына каршы акция.

Европа Биримдигинде «чечкиндүүлүк жок» болуп жатканы «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамдын Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылышына жол ачканын Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму билдирди. Уюмдун 4-апрелдеги билдирүүсүндө ансыз да демократиялык институттарды жана сөз эркиндигин чектеген өкмөттөрдүн басымында иштеп жаткан жарандык коом уюмдары үчүн коркунуч ого бетер күчөгөнү белгиленди.

Орусия сөз эркиндигин кысымга алуу үчүн колдонуп жаткан репрессиялык мыйзамдын Грузияда жана Кыргызстанда да кабыл алынып жатышы европалык мыйзам чыгаруучулар эч кандай чара көрбөй, сырттан байкап, карап отургандыгынын натыйжасы экенин белгилеген уюмдун билдирүүсүндө «Бизге сөзү менен да, иши менен да жарандык коомду коргогон, туура стандарттарды аныктаган Европа Биримдиги керек» деп айтылды.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алынган. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады.

Адатта мындай аныктамага бийликтин ачык, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасында (Republika Srpska) талаштуу «чет өлкөлүк агент» мыйзамын кабыл алуу аракети уланып жатканы 4-апрелде белгилүү болду.

Грузияда да былтыр жапырт нааразылыктан кийин токтотулган, Орусияныкындай деп сынга кабылган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети кайрадан башталды. (RK)

Дагы караңыз

"Уу коргошун ичип оору таптым". Көзү ачык, табыптардын жарнамасы тыйылабы?АКШ жана Финляндия "маалыматтык бурмалоого" каршы чогуу күрөшүүнү макулдаштыЧукул билдирүү: тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүнБишкекте үч баланын энеси күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды