Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 3-апрелде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында мониторинг жүргүздү. Бул жайда асынган абалда табылган шектүү жөнүндө милициядан маалымат алышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматынын кабарлашынча, шектүү кармалып турган камерада эрежеге ылайык белгиленген видео көзөмөл болгон эмес. Убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында видео байкоо орнотулган. Шектүү 1-апрелде Бишкектеги №1 тергөө абагына которулмак. Бирок өздүгүн тактаган документти жок болгондуктан, тергөө абагына кабыл алынган эмес.
“Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, шектүү камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан”, - деп айтылат билдирүүдө.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева убактылуу кармоочу жайдагы адам укуктарынын сактоого чакырды.
2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүндө кармалып отургандардын бири - алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы киши асынып алганы кабарланган.
Бул окуяга байланыштуу кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уран Шамбетов, анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор-нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду. (TSh)
Дагы караңыз
Министр Олимпиадага 30 лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди