Депутат Армения, Абхазиядан келген машинелерди каттоону сунуштады

Кыргызстандагы машина базары. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген машинелерди бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштады. Анын маалыматына ылайык, мындан казынага 10 млрд сомго чейин каражат түшөт.

“Армения, Абхазиядан келген оң рулдуу машинелер Кыргызстанда жүрүшөт. 2015-жылы оң рулдуу машинеге киргизүүгө тыюу салынган. Бирок ички жол-жобонун негизинде кирип жатат. Ачык булактардан карасак, болжол менен 200 миңдей экен. Казакстан сыяктуу мунапыс кылып каттатсак, казынага 10 млрд сом түшөт эле”, - деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунушту анализдеп көрөрүн, бирок кылмыштуу жол менен кирген автоунаалар мыйзамдаштырылбай турганын так кесе айтты.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаа Кыргызстанда катталбайт. Ички иштер министрлиги буга чейин абхаз номурлуу канча автоунаа бар экенин билүү кыйын болуп жатканын билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Парламентте өкмөттүн отчетун угуу боюнча талаш чыкты