Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Парламентте өкмөттүн отчетун угуу боюнча талаш чыкты


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги сессиясында Министрлер кабинетинин отчетун угуу боюнча төрага Нурланбек Шакиев менен бир нече депутаттын ортосунда пикир келишпестик чыкты.

Жыйында адегенде билим жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 10 мүнөттөн отчет берген.

Депутат Акылбек Түмөнбаев Айыл чарба жана транспорт министрлигинин дагы отчетун угууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев беш министрлик тийиштүү комитеттердин токтому менен баяндама жасаганын айтып, регламентти сактоого чакырды. Депутат Түмөнбаевдин сунушу эки жолу добушка коюлуп өтпөй калгандан кийин төрага менен кесиптештерин сынга алды.

“Добуш бербей койгонуңуздар туура эмес. Ошол элдин көйгөйүн, ошол жолдор боюнча уккубуз келбесе, жетинчи чакырылыштын депутаттары мандатын таштап, тарап кетиши керек. Урматтуу төрага, ачык айтайын, сиз дагы өкмөткө жардамчы болуп, комментарий берип, депутаттарды сындабаңыз”, - деди.

Депутат Мирлан Самыйкожо дагы төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, өкмөткө болушпоого чакырды. Талаш-тартыштан кийин жыйынтыгында Түмөнбаевдин сунушу үчүнчү жолу добушка коюлуп, башка министрлердин дагы отчетун угуу чечими жактырылды.

Учурда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү министрликтердин иши жөнүндө баяндама жасап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG