Тажикстанда теракт пландаган кишилердин кармалганы тууралуу маалымат четке кагылды

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Нооруз майрамынын алдында террордук актыларды жасоого аракет кылган деген шек менен топ кишилердин кармалганы тууралуу маалыматты "чагым" деп атады.

29-мартта "Азия-Плюс" медиа тобу жана Reuters маалымат агенттиги өз булактарына таянып, "Крокус Сити Холлдо" теракт боюнча айыпталгандар менен байланышы бар деген шек менен тогуз адам кармалганын маалымдаган. "Озоди" радиосунун булактары баш калаадагы майрамдык иш-чаралар алдында терактка даярданган деген шек менен 20дай киши кармалганын билдирген.

Тажик бийлиги бул кабарларга дароо реакция жасаган эмес, бирок өлкөнүн атайын кызматы 3-апрелдеги билдирүүсүндө "бул кабарлар чындыкка дал келбейт" деп маалымдады.

"Озоди" радиосунун Тажикстандын коопсуздук органдарындагы атын атагысы келбеген өз булагы билдиргендей, кармалгандар арасында Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары да болгон. Алардын баары Нооруз майрамынын алдында кармалган.

Тажикстандын күч органдары террордук топтордун мүчөлөрүнүн кармалганы тууралуу сейрек маалымат беришет.

Дагы караңыз

Ташиев өлкөдө "мафияга" каршы күрөш уланып жатканын билдирдиЖылуулук борборлору, отканалар жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлөтQazaq Air дрон чабуулуна кабылган Татарстанга каттамын токтотту"Кооптуу тенденция": Орусияда кыргыз жараны "терроризмди актаган" деп айыпталууда Стразерс: “Чет элдик өкүл” мыйзамы жарандык коомду аксатат