Евробиримдиктин тышкы иштер кызматы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына кооптонуусун билдирди

Иллюстрация сүрөт.

Европа Биримдигинин тышкы иштер кызматынын басма сөз катчысы Кыргызстанда кабыл алынган “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы боюнча билдирүү таратты.

Анда бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынышын кооптондурган көрүнүш деп атады.

Билдирүүдө жарандык коомдун эркин иштөөсүн чектеген мыйзамдар Евробиримдик сыяктуу эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылат.

“Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен негизги эркиндиктерди, мыйзам үстөмдүгүн жана демократиялык стандарттарды урматтоого негизделген эки тараптуу кызматташууну жактайт. Бул баалуулуктар биздин Кыргыз Республикасы менен ишке ашырып жаткан Преференциялардын жалпы схемасы (GSP+) жана жакында ишке ашары күтүлүп жаткан Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык макулдашуусунун (EPCA) ажырагыс бөлүгүн түзөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койду. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына түшүндүрмө берип, президент катары “эч кандай куугунтук болбойт” деп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келген деп айыптады.

Анын билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Салык кызматына талап кылынган отчетторду берип келерин, мындай ачыктык грант берген донорлордун талаптарынын бири экенин жазып жатышат.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашуун уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан.

Мындан тышкары бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБин оңдоого ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлдү