Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" чек ара бекети. (архив)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы маалымдагандай, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери 4-апрель күнү убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, чек ара бекеттери Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн майрамдоого байланыштуу жабылууда.

"Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери 5-апрелден тарта ишин улантат.

Аталган чек ара бекеттериндеги бажы кызматтары президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-марттан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өткөн. (ZKo)

Дагы караңыз

"100 млрд сомдон ашты". Коррупцияга каршы күрөш, Ташиевдин жообу"Крокус Сити Холлдун" иши боюнча онунчу шектүү камалдыТашиев коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттар тууралуу жооп берди Франция борбор азиялыктарга көзөмөлдү күчөттүКочкор-Атадагы окуядан улам Жалал-Абад облустук милиция башчысы кызматтан алынды