Адам укуктарынын фундаменталдык негиздеринин бири - жарандардын тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги. Конституция баштаган бир катар мыйзамдар сөз эркиндиги, шайлоо укуктары менен тең катар баалуулук катары жарандардын митинг, пикет аркылуу өз позициясын билдирүүсүнө кепилдик берет.
2022-жылы 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордун бир катар жерлеринде тынч жыйындарды өткөрүүгө чек койгон чечим чыгарган. Ал чечимдин мөөнөтү эки жылдан бери улам-улам узартылып келатат. Мунун мыйзамсыз экенин айткан юрист Бактыбек Жумашев былтыр 6-апрелде Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот аны канаттандырбай, Жогорку Сот да ал чечимди колдоп койгон.
Бактыбек Жумашев бул ирет кайрадан Биринчи Май райондук сотунун 29-марттагы чечимин жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылууну көздөп турганын “Азаттыкка” билдирди:
“Мыйзамсыз чечим, мыйзамсыз чектөө. Мен буга чейин бир эмес, эки жолу сотко кайрылгам. Эми Бишкек шаардык сотуна кайрылам. Эми көрөбүз - менин апелляциялык арызымды канааттандырабы же жокпу. Себеби, биринчиден, Конституциянын жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамдын талаптарына каршы келет. 29-мартта чечим чыгарса, бүгүнтөн калбай мен апелляциялык арыз менен кайрылышым керек, анткени бүгүн акыркы күн. Мыйзам боюнча сот бир гана жолу өтө турган митингге чектөө киргизе алат. Ошондо дагы кандайдыр бир жүйөлүү негиздер болсо... Биринчи Май райондук соту жалпы эле бардык митинг, чогулуштарга тыюу салып келатат. Муну менен жарандардын укуктары чектелүүдө”.
Дагы караңыз "Көйгөй чечилсе, нааразылык токтомок". Митингди чектөө мөөнөтү дагы узардыРайондук соттун 28-марттагы чечими менен 30-июнга чейин Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында, ага чектеш Эркиндик гүлбагында Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын жанында, ага канатташ жайгашкан паркта, Президенттин администрациясынын алдында, Жогорку Соттун жанында, Орусия элчилигинин, УКМК, ИИМдин тушунда ар кандай тынч чогулуш, жыйын, акцияларга тыюу салынды.
Бишкекте митинг өткөрүүгө Горький атындагы эс алуу багында уруксат берилген. Бирок ал жерге чыккандарды да камакка алып, чара көргөн учурлар да болгон. Мисалы, буга чейин Украинага тилектештик көрсөтүп акцияга чогулгандар кармалып, кайра бошотулган. Мындан тышкары мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршыларды топтоого аракеттенген активист Афтандил Жоробеков, аскер адамдарынын укугун коргоочу Анвар Сартаев дал ушул Горький паркында акция уюштурууну көздөгөнү үчүн кармалган.
14-мартта “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда президент Садыр Жапаров митингдерге чыгам дегендерге “жооп катуу боло турганын” эскерткен:
“Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп, качып же жашынып отуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик үч эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, жөлөк пулдарды жапкан акыбалга келип калбадык беле. “Сырткы карыздан кантип кутулабыз?” деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер “мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен” деп митингге чыккандар болсо, башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени "наше дело правое". Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек”.
Дагы караңыз "Элдин талабына маани берилген эмес"Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындары камактагыларды бошотуу талабы менен акыркы жолу 10-мартта Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында акцияларга чыгышты. Президенттин сөзү мына ушул адамдарга багытталганы менен, коомчулукта ал жалпы элге эскертүү катары кабыл алынган.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму да өткөн жылдагы отчётунда тынч жыйындарды өткөрүүгө кирген чектөөлөрдү сынга алган болчу.
Конституцияда жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда жарандардын митинг өткөрүүсүнө уруксат берилген. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бийликтин минтип адам укуктарын чектөөсү Кыргызстанда акыры жакшылыкка алып келбейт деген пикирин акыркы убакта байма-бай айтып келет:
“1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган “Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын” 20-беренесинде “ар бир адам тынч жыйындарга жана ассоциацияларга катышууга укуктуу” деп жазылган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин биз иштеп чыккан Конституциянын 39-беренесинде “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес. Тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлама берүүгө укуктуу. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары жана катышуучулары тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарламанын жоктугу, кабарламанын түрү, мазмуну жана берүү мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт” деп жазылып турат. Муну эч ким чектей албайт. Соттордун чыгарган чечимдери баары туура эмес”.
“Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда митингдерди өткөрүүнүн жол-жобосу, жыйналган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу жагдайлар айтылган.
2002-жылы Аксы окуясынан кийин "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, ага 2008-жылы өзгөртүү-толуктоолор киргизилген. 2012-жылы “Тынч чогулуштар жөнүндө” деп өзгөртүлгөн бул мыйзам азыр күчүндө.
Дагы караңыз Демократия баалуулуктары: тынч жыйын куруу эркиндигиЭксперттер бийлик тынч жыйындарга чектөө киргизүү менен Кыргызстан Конституцияны гана эмес, бир катар конвенциялардын алкагында өзүнө алган милдеттемелерин да бузуп жатканын белгилешет.
Кыргызстанда тынч чогулуштарга тыюу салуу Бишкектен тышкары айрым аймактарга да киргизиле баштаган. Былтыр сентябрда Ош облустук соту Өзгөн районунда 8-сентябрдан 8-ноябрга чейин тынч чогулуштарга жана митингдерге тыюу салуу тууралуу райондук соттун чечимин мыйзамдуу деп тапкан.
Облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кеңешмеси район аймагында тынч жыйындарга чогулууга тыюу салган чечим чыгарган. Андан кийин ушул чечимдин мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен Өзгөн райондук сотуна кайрылган. Сот арызды 12-сентябрда карап, мындай тыюу салууну негиздүү деп чечкен.