- Турсунбек мырза, 17-18-мартта Аксы окуясына 22 жыл болуп отурат. Аксы окуясы да элдин эркиндикке, сөз эркиндигине, акыйкаттыкка умтулуусунун белгиси болгон. Кыргызстанда бийликтер андан кандай сабак алышты?
- Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болду, ага катышкан аксылыктар менен катар мен жалгыз укук коргоочу болдум. Азимбек Бекназаров бошотулсун деп 10-январдан тартып жети жүздөй адам ачкачылык кармаганбыз. 37 миңден ашуун адам пикет-митингге чыкты. Аны Аскар Акаев да, анын командасы да угуп койгон жок. Аягында алты азаматыбыз окко учту. Ага чейин ачкачылык кармап отуруп Шералы Назаркулов каза тапты. Мен өзүм Аманбек Карыпкуловго канча жолу кирдим, “Аманбек Карыпкулович, эл чыгып жатат, маани берип койгула, бул өрткө айланып кетет” дедим. Тилекке каршы, ал дагы, ал учурдагы бийлик “ай, булар эч нерсе кыла албайт” деп капарына илишпеди, маани бербей коюшту. Анан кыргыздар айткандай “учкундан жалын тутанды”. Ошондо мени менен баратып Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев окко учуп, жалп-жалп жыгылышты, алардын элесине таазим.
Анан Акаевдин бийлиги кетти. Андан кийин Бакиев келди, ал киши деле Аксы окуясына маани берген жок, Апрель окуясы келип чыкты. Андан кийин бийликке келген Атамбаев келди, ал Аксы окуясы боюнча жарлык чыгарып, үч тарыхый датаны белгилөө демилгесин көтөрүп, турмушубузга киргизди. Бирок, анын бийлиги, өзү деле аягында эмне болду? Октябрь окуясынан кийин келген бийлик да сабак алышы керек.
Мен эки ооз сөз менен айта турган болсом, экономикада, социалдык турмушта көп иштер жасалып жатат. Социалдык объектилер салынып, жолдор курулуп, кыймыл бар. Бирок, ошолордон тышкары Конституцияда жазылган адам укуктары, сөз эркиндиги, демократия деген баалуулуктарды жоготуп, экономиканы көтөрөбүз дегендин өзү туура эмес.
Азыркы бийлик дагы, тилекке каршы, Аксы окуясынан сабак албай жатат, себеби, Кемпир-Абад окуясы боюнча отузга жакын адам айыпталып, алардын он бири азыр эч күнөөсү жок камакта жатат, сот жабык өтүп, алардын укугу тебеленүүдө.
- Президент Садыр Жапаров 14-мартта берген маегинде Аксы районунда, Нарын жана Талас облустарынын айылдарында 9-мартта өткөн акциялар тууралуу да пикирин айтты. Президент “Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле” деди. Муну кандай көрөсүз?
- Конституциянын 27-28-32-беренелеринде жарандардын тынч чогулуштарга укуктары каралган. Эл ошол үчүн чыгып жатат да. Чыккандан кийин жанагындай сөздү айтканы туура эмес. Мен президенттин “Кабар” агенттигине берген маеги менен тааныштым, анда президент Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын айрымдарын күнөөлөп кеткен экен. Мен ал пикирине кошулбайм. Минтип күнөөлөгөнү туура эмес. Кемпир-Абад боюнча эч бир күнөө кылышкан жок, алар мамлекетти жеген жок, ичишкен жок, алар башка өлкөгө берилип жаткан жер боюнча өздөрүнүн пикирин айтып чыгышты. Президент “өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн чыгышса биз аларга катуу чара колдонобуз” деп айтып жатпайбы, бул дагы өзү туура эмес. Тынч жыйындарга катуу чара колдонуу бул мамлекет тарабынан жасалган катуу чара, чоң кылмыш болуп эсептелет. Конституциянын авторлорунун бири катары айтарым – тынч жыйындар Баш мыйзамда каралган. Жер-жерлерде чыккандар камалып жаткан балдарын коргоп, алардын укуктарын сактап нааразылык акцияларына чыгып жатат.
- Турсунбек мырза, президент ошол эле маалда “мен сот, прокуратура системасынын ички ишине кийлигише албайм, алардын тагдырын соттор менен прокурорлор чечет” деп айтпадыбы. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кемпир-Абад иши боюнча жараянды айыпталып жаткандардын өздөру создуктуруп жатат деп айтты. Буга оюңуз кандай?
- Менин оюмча, президент дагы, башка лидерлер дагы сот жүрүп жатканда буга окшогон пикирлерин айтпашы керек. Бул сотко жасалган басым, кысым болуп калат, себеби, бизде соттор да көз каранды, күн карама өңдүү да. Замирбек Базарбековдун айтканынын да бир чети жөнү бар. Анткени процесске тараптардын бир келбей, ооруп же башка себептер менен катыша албай калат. Экинчи жагынан алганда, кемпирабадчылардын өздөрүндө да бардыр, бирок, алардыкы да туура да, анткени алар “сот процесси ачык өтсүн” деп талап коюп келатышат. Эгер сот ачык өтсө эл да билет эле да - ким күнөөлүү, ким айыпсыз экенин. Соттун ачык өткөнү бийликтин өзүнө жакшы болмок. Мен 26-январда президент Садыр Жапаровго киргенде да сотту ачык өткөргүлө деп айткам, ошондо “мен карап, сизге жообун билдирем” деген, бир жарым айдан бери анын жообун кабарлай элек.
- Бишкек шаарынын бир катар райондорунда, аймактарында нааразылык акциясын өткөрүүгө улам-улам сот аркылуу тыюу салынып келатат. Ушунун өзү канчалык туура?
- Соттордун мындай чечимдери туура эмес. Буга чейин биз ушундай эле чечимди Конституциялык сотко кайрылып жеңген болчубуз. Азыркы Конституция боюнча да тынч чогулуштарга тыюу салынган эмес, жергиликтүү бийликке алдын ала айтып коюп, тынч жыйындарга чыкса болот. Мына азыр Бишкек шаарында жана башка аймактарда минтип сот тарабынан тынч жыйындарга тыюу салынып жатканы мыйзамсыз нерсе, аны Конституциялык сотко берип, сөзсүз утуп алабыз. Эми соттордо да уят болуш керек да. Соттордун иши да оңолүшу керек эле. Жаңы төрага келди, иши жакшырыш керек эле, оңолбой жатат, тилекке каршы соттор баягыдай эле иштеп жатышат.
- Митингдерди, акцияларды тыя берүүнүн соңу эмнеге алып келиши мүмкүн?
- Камактагыларды жактап Нарында, Таласта, Аксыда чыгышты. Аздан - жыйырма, отуз, жүзгө жакын адамдар топтолуптур. Эми азыркы бийлик ойлоп жатат да аз эле киши экен, аларды басып коюш оңой эле деп жатышат. Мен азыркы бийликке күйүп, азыркы бийликти колдоп келаткан адам катары айтайын, кайталап айтайын – учкундан жалын тутанат. Аксы окуясы да, Июнь окуясы да ушундай башталган. Бир киши чыкса да маани бериш керек. Алар балдарыбызды бошотуп койгула, туура эмес камалып жатат, ачык сот өтпөй жатат деп чыккан, бул аябай чоң коңгуроо.
-Турсунбек мырза, ошол убакта президент маегинде “элдин көпчүлүгү биз тарапта, бизди колдойт” деген пикирди айтты. Андан тышкары АКШнын уюму иликтөө жүргүзүптүр, бийликке болгон ишеним улам артып баратыптыр, саясатчылардын сап башында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат экен. Бийлик “биз социалдык жактан көп жакшы иштерди жасап жатабыз, тышкы карыз төлөнүп, айлык, пенсия, пособие көбөйүп жатат, андыктан көпчүлүк эл биз тарапта” деген ишенимде. Буга кандай пикирдесиз?
- Эми эл деген өзү сел сыяктуу, агып турган дарыядай, чалкып жаткан көлдөй, бул жакка чайпалса бул жакка, тигиндей чайпалса ал жакка кетет. Коом кандай өнүксө, агым кандай акса, коомдук пикир кандай болсо эл ошондой чайпалат. Ошол үчүн биротоло ойлоп албаш керек, албетте, сиз айткандай бир катар жакшы иштер жасалып жатат. Аны көрбөй-укпай кое албайбыз. Социалдык объектилер курулуп, экономикада өсүштөр болуп жатат. Жанагы иликтөөнүн жыйынтыктары бекер эмес – президенттин, УКМК төрагасынын аброю бир топ жерден жогору. Ал жагы жакшы. Бирок, демократияны муунтуп, сөз эркиндигин, адам укуктарын тебелеп экономика деп эле кетсек аягы эмне болот? Ушинтип демократиядан биротоло четтейбизби. Улам-улам кысым күчөй берсе эл бир чыкса коомдук пикир дароо эле өзгөрүп кетет. Эл убактылуу гана колдоп жатат. Дароо эле маанай өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анан митингдерди тыйган кайрадан эле тополоңго алып келиши ыктымал. Улам эле минтип күчкө салган жакшылыктарга алып келбейт. А бирок, экинчи жагынан алганда сөз эркиндиги, демократия деп эле улам-улам көчөгө чыга берип, Отунбаеванын, Жээнбековдун тушунда ыксыз көп жыйындарды өткөрө берип алардын баркын кетирип алдык. Оппозиция да, жарандык коом да, бийлик дагы колунда турган куралдарын ашыкча пайдаланбашы керек. Эч качан чектен чыкпаш керек. Митинг, пикеттерди кысымга алып, муунтуу эч убакта жакшылыкка алып келбейт. Муну мен президенттин өзүнө да айттым. Аксы кайгылуу окуясына 22 жыл болуп жатат, азыркы бийлик дагы ушундан жыйынтык чыгарышы керек.
- Маегиңизге рахмат.