Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” шаардык соттон ырасташты.
Жараян 3-апрелге белгиленди. Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.
15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Алардын издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.
22-февралда анын бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун расмий кабарлаган. (TSh)
Дагы караңыз
Көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды