Москвадагы терактта жараат алгандардын саны 551ге жетти

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон.

Москвада “Крокус Сити Холлдогу” терактта жараат алган адамдардын саны 551ге жетти. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Куралдуу кол салууда 144 адам мерт болду.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “теракты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.

Дагы караңыз

Остин менен Умеров Вашингтондон Киевге берилчү жардамды талкууладыAxios: Израил Газага араб аскерлерин жайгаштырууну сунуштадыАнаньево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды