"Ислам мамлекети" террордук уюму борбор азиялыктарды көбүрөөк жалдап калды
Guardian Москвадагы кол салууну уюштурганын билдирген “Ислам мамлекети” террордук уюму тажикстандыктарды, жалпы эле борбор азиялыктарды өз катарына тартып жатканын баяндады. Гезиттин кабарчысы Жейсон Берк Батыштагы атайын кызматтардын маалыматтарына таянып, радикалдар аймактагы жарандарды, өзгөчө башка топтордон тажрыйбалуу кишилерди жалдоо боюнча былтыр чоң кампания жүргүзгөнүн жазды.
Чалгын кызматтары бөлүшкөн маалыматтардын негизинде БУУ январда докладын жарыялаган. Ага ылайык, 12 айда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстандагы канаты (“Ислам мамлекети-Хорасан”) Тажикстандагы исламчыл экстремисттик “Жамаат Ансарулла” тобунун алдыңкы согушкерлерин жана ал өлкөдөгү башка жоочуларды жалдоого жетишкен.
Жихадчылар ошондой эле тажиктерди жана региондогу башка жарандарды бутага алган үгүт материалдарын таратуу үчүн Телеграмда, башка социалдык тармактарда платформа түзгөнү аныкталган.
БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылынган баяндамада “Ооганстанда террордук уюмдардын болуп көрбөгөндөй топтошкону” эскертилген. “Ислам мамлекети-Хорасан” акыркы кезде кол салууларын азайтканы менен, алар “Ооганстан жана аймактагы, сырт жактагы өлкөлөргө эң чоң коркунуч катары каралып жатканы” айтылган. Докладда андан тышкары уюм инклюзивдүү стратегияга өтүп, талибдерден иренжип калган жоочуларды өз катарына тартып жатканы белгиленген.
Андан ары макалада тажикстандык жана борбор азиялык башка согушкерлер “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Европада, Иранда жакында болгон кол салууларга аралашканы кеп болот. Мисалы, Иранда январда болгон чабуул 100дөй кишинин өмүрүн кыйган. Тегеран адегенде Израил менен АКШны айыптап, бирок кийин чалгынчылар терактты уюштурган жана бомбаны жасаган киши тажик экенин аныкташкан.
Автор жазгандай, АКШ жана Европадагы атайын кызматтар “Ислам мамлекети-Хорасан” уюмуна байланышкан кутумдар көбөйгөнүн белгилешет. БУУнун докладынан келтирилген шилтемеде “июль жана август айларында уюмга тиешеси бар тажикстандык, түркмөнстандык жана кыргызстандык жети киши ири теракт пландоо аракетине айыпталып Германияда камалганы” айтылат. 31-декабрда немис полициясы тажикстандык үч жана өзбекстандык бир кишини Көлн шаарында жаңы жыл алдында кол салуу уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармаган. Тергөөчүлөр алардын “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланыштарын аныкташкан. Макалада андан тышкары январда Стамбулдагы чиркөөдө бир кишини өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылгандар Тажикстан жана Орусиядан экени айтылат. Март айында орус атайын кызматтары Калугадагы операцияда синагогага кол салууну пландаган казакстандык эки жаранды жок кылганын билдиришкен.
БУУнун докладында андан тышкары Газадагы согуш экстремист исламчыл топторго көбүрөөк киши жалдоого ыктымал өбөлгө түзгөнү, бирок “Ислам мамлекети” террордук уюму хамасчыларга кас тиккени да белгиленет.
АКШда Газадагы согушту жактабагандар көбөйдү
Washington Post гезити 27-марттагы макаласында жазгандай, сурамжылоо америкалыктардын көбү Израилдин Газадагы согушун жактабаганын көргөздү. Gallup институтунун изилдөөсүнө ылайык, март айында 1016 кишинин пикирин сурашканда, алардын 55% Израилдин палестин анклавындагы согушун жактырбайт, 36% колдойт, дагы 9% бул тууралуу ою жоктугун айтышты.
Автор мындай жыйынтык Газадагы согушка нааразы болгондор көбөйгөнүнөн кабар берет деп эсептейт. Gallup былтыр ноябрда уюштурган сурамжылоого тартылгандардын 50% Израилдин Газадагы аракеттерин колдорун, 45% жактырбасын, 4% бул тууралуу пикири жоктугун айткан.
Согушту жактырбагандар республикачылардын да, демократтардын да катарында көбөйдү. Ошол эле маалда бул эки партиянын ортосундагы ажырым дагы деле чоң.
"Куиннипиак университети шаршембиде жарыялаган сурамжылоодон америкалыктардын көбү АКШнын Израилге кошумча аскердик жардам берүүсүнө да оң карабаганын баамдаса болот", - деп улантат автор.
Pew борбору өткөн жумада февралдагы изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага караганда, согуш тууралуу пикирлер динге жараша айырмаланат. Америкадагы жөөттөрдүн 62% Израилдин аракеттери кабыл алынарлык десе, ушундай эле оюн америкалык мусулмандардын 5% билдирди. Вашингтондогу аналитикалык борбордун кызматкери Роберт Сатлоффтун айтымында, Gallup жарыялаган сурамжылоо Газадагы согушка, “Байдендин Израилдин өзүн коргоо укугун колдоого негизделген позициясынан иренжигендер көбөйгөнүн” көргөздү. Ошол эле маалда президенттин рейтинги төмөндөгөн жок.
Gallup институтунун башкы редактору Жеффри М. Жонс дагы “америкалыктар Байдендин Газадагы согушту жөнгө салуу аракеттерин терс баалаганы менен, анын рейтинги жаңжалга чейинкиден төмөн эмес” экенин белгилейт. Жонстун анализинде айтылгандай, америкалыктар ал согушту өлкө алдында турган эң маанилүү көйгөй деп санашпайт.
"Орусиянын ыкмасына салынган дагы бир мыйзам"
Грузиянын башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясы ЛГБТК жамаатынын укуктарын чектеген конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп, сунуштарын 25-мартта парламентке киргизди. Eurasianet бул темадагы макаласында долбоор Орусияныкына окшош, мындай кадам өлкөнүн Еврошаркетке кирүү максатына каршы келет деп жазды.
Авторлордун айтымында, түзөтүүлөр “үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана жашы жете электерди” коргоону көздөйт. Жергиликтүү медиа каражаттары сунуш кылынган алымча-кошумчалар бир жыныстагы адамдардын мамилелерин “популярлаштырууга” багытталган контентти таратууга, жынысты алмаштырууга, бир жыныстагы түгөйлөргө бала асыроого тыюу саларын маалымдашууда.
Макалада айтылгандай, өзгөртүүлөрдү сындагандар алар Евробиримдиктин баалуулуктарына каршы келерин, мындай кадам күзгү парламенттик шайлоо алдында башкаруудагы партиянын позицияларын бекемдөөнү көздөй турганын белгилешет.
Басылма сөзгө тарткан саясат талдоочу Паата Закареишвили “Грузин кыялы” Орусиянын ыкмасына салып, либерализмге каршы чыгууда, мындай көрүнүш өлкөнүн Европа шаркетине кошулуу мүдөөсүнө бут тосот деген көз карашын ортого салды.
“Бул – дагы бир орусиялык мыйзам”, - деп айтты саясат талдоочу.
Орусия Украинага басып киргенден кийин сексуалдык азчылыктарга каршы кабыл алынган мыйзамды кеңейткен. Ушул айда эл аралык ЛГБТК кыймылы экстремисттик деп таанылды. 20-мартта орус соту гей-клубда иштеген кызматкерлерди камаганы, алар 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн экени кабарланган.
Макалада айтылгандай, Еврошаркет Грузиянын мүчөлүк арызын жактырганда адам укуктарын биримдиктин стандарттарына ылайык коргогон мыйзамдарды кабыл алууну талап кылган. Ал эми сунуш кылынган долбоор ЛГБТ мүчөлөрүнө экинчи сорттогу адамдар деген макам берип коёт.
“Грузин кыялы” партиясы түзөтүүлөрдү калың эл колдой турганын айтып келет. Макаланын автору православ динин кармангандар басымдуу болгон Грузияда гомофобия жайылганын, бирок барган сайын андай адамдардын саны азайганын жазды.
Оппозициялык партиянын өкүлү Александр Крево-Асатиани сунушту парламенттен өткөрүү анча оңой болбойт деген пикирин Eurasianet басылмасына билдирди:
“Үй-бүлөнүн баалуулуктарын жайылтууну кааласаңар, анда инфляцияны ооздуктоо, маяналарды көтөрүү, калктын эмиграцияга кетпеши үчүн шарт түзүү менен, үй-бүлөлөрдүн жашоосуна таасир эткен маселелер менен алектенгиле”.
Басылма ушул өңдүү мыйзамды буга чейин Москвага жакын Венгрия кабыл алганын эске салат.