Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

"Коомдун корунбаган мүчөсү болгубуз келет"


Иллюстрациялардын автору Нурпери Орунбаева.
Иллюстрациялардын автору Нурпери Орунбаева.

Бул макалада ЛГБТ (лесбиянка, гей, бисексуал, транс*) өкүлдөрү кабылган көйгөйлөр баяндалат. Биз алардын жеке коопсуздугу, квир чөйрөнүн консервативдүү коом менен айкалышы, өз баштарынан өткөргөн окуялары, азчылык өкүлдөрүнө адамдардын мамилеси камтылды.

* квир адам - гетеронормативдик нормаларга кирбеген, адамдардын бардык иденттүүлүгүн камтыган кенен түшүнүк. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам өзүн салттуу эмес багыттын өкүлү деп санайт. Квир адамдар гендерди түшүнүүнүн бинардык системасы - аял жана эркекке гана бөлүүнү кабыл албаган учурлар да бардыгын, алардын жынысы цисгендердик (бинардык) иденттүүлүккө таандык эмес болушу мүмкүн экенин туюнтат.

*Каармандарыбыздын жеке коопсуздугу үчүн ысымдары өзгөртүлдү.

"Зордуктап, мазактап, коркутту"

Улан 20 жашта. Ошто төрөлүп-өскөн. Орто билимдүү. Учурда немис тили курсуна барып жүрөт. Анын айтымында, мектепте окуп жүргөндө эркек балдар менен эмес, көбүнчө кыздар менен достошчу. Бул үчүн айылда шылдыңга калып, бала чагында эле психологиялык жактан сокку алган.

ыздар менен достошконум үчүн шылдыңдашчу. 11 жыл бою ошентип жүрдүм. Бул нерсе мени аябай ойлонтуп, жүрөгүмдү сыгып келет. Бир жашымда ата-энем эки башка жолго түшүптүр, чоң энемдин колунда чоңойдум. Үйдөн сыртка көп чыкпайт элем. Кир жууп, үй жыйнап жалаң кыздардын жумушун жасачумун. Ошол эле учурда кыздар менен ойногум келип, алар менен достошчумун. Кийин башыман өтө оор сыноолор өттү. Автоунаага түшүп, зордуктоого кабылдым. 17 жашта элем. Мектепти жаңы бүтүргөн жылым болчу. Айылдан шаарга иштегени барчумун. Бир күнү кечинде үйгө кетүү үчүн таксиге түшкөм. Айдоочу жолдо ар нерселерди сүйлөп баратып эле автоунаасын токтотуп, мага күч колдоно баштады. Коркуп, каршылык кылууга дарманым жетпей калган. Машинадан анын документтерин телефонума тартып алып, милицияга кайрылгым келген. Тилекке каршы, ал да ишке ашпай калды. Анткени сүрөткө тартканымды көрүп калып, досуна алып барып, "гейди тутуп алдым" деп ур-токмокко алып, телефонумдагы сүрөттөрдү өчүртүшкөн. Жашың жете элек, көчөдө жүрөсүң деп коркутушкан", - дейт Улан.

Улан ур-токмокко алынган жерден түн жарымда качып чыгып, шаардагы кафеси бар бир мейманканага кирип жардам сураганын айтып отурду. Ал жерде иштеген кыздар тааныш дарыгерге көргөзүүнү сунуштап, шаардан батир тапканга көмөктөшкөн.

Алар укук коргоо органдарына кайрылып, окуя болгон жердеги видео көзөмөлдөрдү издеп көрүүгө да кеңеш берген. Бирок Улан ага караманча каршы болгон. Анткени ал башынан эмне өткөргөнүн үй-бүлөсү, жакындары, туугандары билип калат деп чочулаган.

"Гей деген сөздү мурда угуп жүргөнүм менен толук түшүнчү эмесмин. Өзүмдү изилдеп, ЛГБТ жөнүндө окуп, маалымат ала баштагандан кийин гей экенимди билип, кабыл ала баштадым. Бирок кээде "эмнеге мен жөнөкөй адамдардай эле болуп төрөлбөдүм экен?" деп санааркайм. Өткөөл куракта өзүмдү жек көрчүмүн. Өзүмө кол салсамбы деген да ой келчү. Азыр деле куугунтукка кабылам. Айылга барганда сөйкөмдү чечип коем. Албетте, кыйналам. Шаарда эл эми түшүнө баштады, бирок айылда андай эмес. Мисалы, менин кичине карындашым "Сиз эмнеге маникюр жасатасыз, ал кыздар үчүн го" деп сурайт. Мен ага башка адамдын ишине киришпөө керектигин, анткени бул жеке чек араны бузууга жатарын, кыздарды жана балдарды эки бөлүп карабоого болбосун түшүндүрөм".

"Жеке коопсуздугуман корком"

Улан үйдө эле эмес, көчөдө, коомчулукта да жеке чек араны, тандоо укугун сыйлабагандар көп экенин белгиледи. Коомдук жайларда адамдар сөйкө тагынып жүргөнү үчүн орунсуз суроолорду берип тажатарын айтып отурду.

"Уруш-талаштан аябай корком. Жашоомдо үч-төрт жолу катуу соккуга кабылгам. Акеме каяша кайтарганым үчүн бир жолу таяк жегем. Андан кийин көчөдө зордуктоого кабылдым. Өзүмдү коргой албайм. Ошондуктан ал нерседен качканга аракет кылам. Көбүнчө 20 жаштан жогорку эркек кишилер жана аялдар көп басмырлайт.

Укук коргоо органдары мени коргой турганына ишенбейм. Аймакта биздей адамдарды жаман көргөндөр көп, кайра өзбүздү күнөөлөшү мүмкүн. Адам катары эсептебегендер да бар.

Зордуктоого кабылгандан кийин эки-үч ай катуу кыйналып, жапа чектим. Үч жылдан кийин гана ал окуяны башкалар билип, түшүнсүн деп айта баштадым. Эки жыл Москвада жашагандан кийин ичимде кек сактабай калдым. Албетте, бул кыйын, оор. Азыр бала кезде алган психологиялык соккудан арылуу үчүн дарылана баштадым. Башкаларга ата-энеңер түшүнүктүү болсо айткыла, арыз жазгыла, мага окшоп жазасыз калтырып койбогула дегим келет. Биздейлерди кабыл алуу үчүн өлкөнүн өнүгүшүн каалайм. Адамдар бизди бөлбөсө дейм. Мага окшоп коопсуздугунан, эшикте эркин басып жүрүүдөн коркуп Европага кетүүнү каалашпаса дейм. Сырттан келген адамдар бизге жакшы эле карайт. Өзүбүздүкүлөр эле, "кызсыңбы же баласыңбы?" деп сурай беришет жерип. Ар бир адам өз жашоосу менен алек болушу керек го. Бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүнүн кажети канча? Мисалы, топ балдар турган жерден жалгыз өтүп баратсам шылдыңдап, ар кандай суроолорду беришет. Мен унчукпай өтүп кетем. Ал адамдар өзгөрбөйт деп ойлойм", — деп сөзүн жыйынтыктады Улан.

"Өзүмдү кабыл алуу кыйын болду"

Экинчи каарманыбыз Зарина Жалал-Абадда төрөлгөн. Транс* адамдардын укугун коргойт. Аларга жынысын өзгөртүүдө юридикалык, медициналык жактан жардам көрсөтүп, кеңештерин берген активист.

"Мен өзүм негизи 12-13 жашымда сезгенмин, бирок билген эмесмин. Кийин 9-классты аяктаганда 16-17 жашымда интернеттен жана тааныштардан маалымат алдым. Эркек бала болуп төрөлсөм да, өзүмдү кыз катары элестетчүмүн. Менин оюмча өзүңдүн ориентацияңды билүү башка, кабыл алуу башка. Ориентациямды билгенден кийин өзүмдү кабыл алуу бардык жагынан кыйын болгон. 22-23 жашымда кызга окшоп кийинип, боёнуп, жыныстык катнашка бара баштагам. Бирок азыр деле өзүмдү таптым деп айта албайм. Ичимде дагы да суроолор бар. Өзүмдү издеп баштаганда мага эч ким жардам берип, колун сунган эмес. Өзүмдү өзүм таптым", — дейт Зарина.

"Өзгөчөлүгүмдөн далай запкы жедим"

Заринаны Ошто, Бишкекте жана Жалал-Абадда бир нече жолу сабап кетишкен. Тапанча менен коркуткандар, үйүнө чейин келип ур-токмокко алгандар, күч органдарын чакырган окуяларды башынан өткөргөн. Бирок аларды эстегиси келбей турганын айтып, транс* адамдардын жашоосун коркунуч коштоп жүрөрүн белгилейт. Алар коопсуздугунан коркуп, жашыруун өмүр сүрүүгө аргасыз экенин айтып берди.

"Москвада гомофобдор кирип “кызматыңар жакпай калды” деп сабап кетишкен. Жалал-Абаддан Ошко жаңы келгенде батириме чейин аңдышкан. Бишкекте да болгон. Каралар келип сабап кеткен. Негизи транс* адамдар үчүн аймактарда жашоо аябай кыйын. Муну мен өзүмдөн улам билем. Азыр деле көчөгө чыгып, бир жерге баргандан коркуп турам. Өткөндө эле бир курбумду "милиция чакырабыз" деп коркутушту. Биз арыз жазсак, милиция кызматкерлери шылдыңдап күлөт. “Анын ордунда болгондо мен да сабайт элем, сооп болуптур, силердей адамдар жашабашы керек” деп ачык эле айтышат. Биздин да эс алгыбыз келет, бирок ээн-эркин баскандан коркобуз. Мени өкүндүргөнү кыз-келиндердин бизге карата орой мамилеси. ”Эмне үчүн аялдардын ажатканасына киришти" деп жерип урушкандар бар".

Зарина азыр өзүнө окшоп запкы көргөн жарандарга жардам берип келет. Ал коомчулуктун азчылыкка болгон мамилеси өзгөрсө деп тилейт.

"2014-2015-жылдары милициянын куугунтугуна кабылып, батиримдин эшигин илип алып, айнектен карасам эки жакта адамдар турган экен. Ошондо адвокаттар менен чыгып, Бишкекке кетүүгө аргасыз болгом. Мени таанып, жакын мамиледе болгондор деле тээп, уруп, акчамды тартып алган учурлар баштан өттү. Ошондой бир учурдан кийин арыз жазып, органда иштеген кызматкерди иштен алдырганбыз. Аябай кыйын болгон. Оштон арыз жазайын десем, "бул транс эмнеге арыз жазат?” - деп мени шылдыңдашкан. Көп нерсе ориентациянын айынан болот. Укук коргоо органдарынан жардам сурап, беш-алты жолу чалганда араң келишет. Бирок аларга 100% ишеним жок. Биздин укуктарыбызды деле бирөө коргошу керек да", - деди Зарина.

Зарина жеке жашоосундагы сырларын эч ким менен бөлүшпөй турганын айтууда. Анткени жакындары анын ишениминен чыккан. Жалгыз гана өзүнө ишенет. Кээде сааттап олтуруп сүкүт (медитация) чалат. Коомчулукта ал сыяктуу адамдарга түшүнүү менен мамиле болсо деп кыялданат. Адамдар бири-бирин кандай болсо ошондой кабыл алса деп тилейт. Өзү сыяктуулардын укугун коргоп, ал башынан өткөргөн кыйынчылыктарга башкалар кабылбаса деп, акысыз жардам көрсөтөт.

Адам укуктары тегиз корголгон жашоо жакын арада келерине көзү жетпесе да үмүтүн үзбөгөн Зарина сүйлөп жатып жашып кетти.

Кыргыз коомунда сексуалдык ориентациясын ачык билдиргендер ар кандай кооптуу жагдайга кабылышы ыктымал. Өлкөдө мамлекеттик деңгээлде квир коомуна карата тыюу күч. Укук коргоочулар жана активисттер соңку кезде адам укуктарына каршы келүүчү мыйзамдардын кабыл алынып жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Unit журналисттер жана активисттер коомунун колдоосу менен даярдалган макаланын автору фрилансер журналист Майрамбек Муса.

XS
SM
MD
LG