Samsung Pay Орусиянын "Мир" картасын кабыл алууну токтотууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Samsung Pay сервиси Орусиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен кызматташуусун токтотуп жатканын маалымдады. Бул тууралуу билдирүү 27-мартта Samsung компаниясынын сайтына жарыяланды.

3-апрелден тартып сервистин тиркемесине «Мир» картасын жаңы кошууга жана мурда кошулгандарын колдонууга мүмкүн болбой калат. Коомдук транспорт, мисалы, Москванын метросу, жол кирени Samsung Pay аркылуу кабыл албай калат.

Орусиядагы колдонуучулар лоялдуулук картасын гана кошо алат. Сервис Беларустагы ишин уланта берет.

2022-жылдын март айында Украинага кол салганда Орусия Батыштын бир катар санкцияларына кабылган. «Мир» карталарын кабыл алууну Apple Pay да токтоткон. Google Pay бул карталарды кошуу тууралуу пилоттук долбоорун токтоткон.

2024-жылдын февралында «Мир» картасынын оператору АКШнын да санкциясына кабылган. 27-февралдан тартып Орусияда Huawei Pay тиркемеси да иштебей калды. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалды ФСБ Чеченстандагы 2000-жылдагы кол салууга шектүү киши кармалганын билдирди Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалдыШереметьеводо кармалып тургандар Кыргызстанга кайтат