Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакка алды. Мурдагы бажычы өзү жана адвокаты коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Ушул эле күнү Ош шаардык соту Матраимовдун бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдордун бөгөт чарасын карады. Руслан, Исламбек Матраимовду 18-майга чейин камакка алган чечим чыгарды. Соттон билдиришкендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.
Ал эми Тилек Матраимов 26-апрелге чейин камалды.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.
Тилек Матраимовдун адвокаты Мамат Шаиев ага 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголгонун айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду жана анын бир туугандарын 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген.
“Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
28-мартта ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылганы белгилүү болду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматында, Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кине коюлган.
Азербайжандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен төрт кыргызстандык Бишкекке өткөрүп берилгенин билдирди. Бул тууралуу 26-мартта мамлекеттик "Азертаг" маалымат агенттиги жазды. Алардын аты-жөнү белгиленген эмес.
Андан тышкары Кыргызстанда кармалган беш азербайжандык боюнча расмий Бишкекке маалымат берилгени жазылган.
23-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында УКМК трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.
Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.
Матраимовду издөө жана камакка коюлган мүлк
УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, ал тууралуу багыттама бергени быйыл январь айынын аягында белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.
8-февралда экс-бажычынын 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сомдук) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын маалымдалган:
- Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан “Бай Таш мунарасы” турак жай комплексинин беш кабаты - жалпы аянты 8148,5 чарчы метр - болжолдуу баасы 16 млн 297 миң доллар;
- Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан “Эрем” спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр - болжолдуу баасы 1 млн доллар;
- Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, кеңсе, жалпы аянты 700 чарчы метр - болжолдуу баасы 2 млн 500 миң доллар;
- Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан “Ихлас” курулуш компаниясындагы коммерциялык имараттар, жалпы аянты 5085 чарчы метр - болжолдуу баасы 7 млн 627 миң доллар;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо жери - болжолдуу баасы 4 млн доллар;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен “Юни Лаб” бажылык каттоо жери - болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллар;
- Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Имарат Стиль” компаниясына тиешелүү “ИМПЕРИАЛ” коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 100 миң АКШ доллар.
УКМК бул объектилер Райымбек Матраимовдун жана анын жакын санаалаштары мыйзамсыз жол менен алган мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча ыкчам иш-чаралардын негизинде алынганын кабарлаган.
Ош облусунун Кара-Суу районунда Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлган. Алардын арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы да бар.
Матраимовго байланышы бар депутаттар тапшырган мандат
Райымбек Матраимов издөөдө жүргөн убакта Кыргызстанда ага байланыштуу саясий окуялар көп болду. 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.
Бул материалдардан кийин, 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган. Айбек Осмонов болсо 13-мартта өзү жазган арыздын негизинде мандатынан кол жууду.
Бишкектин административдик соту 1-мартта Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.
Ал 13-мартта Жогорку Кеңеште атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптады. Шайлообек Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы, парламенттин бедели, аны каралоо жөнүндө дагы билдирүү жасап, президентке кайрылган:
“Ушул мандатты алууга эки жылдан бери артыман кууп жүрүп башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Урматтуу кыргыз элим, Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. Мына, башкы прокурор Зулушев, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз”.
Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда парламентке, аткаруу бийлигине, жада калса президентке да таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан.
"Кара касса" боюнча компромат
2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 55% колдоп, экинчи Өмүрбек Бабанов, андан соң Адахан Мадумаров келди. Жээнбековдун жеңишине ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы болгону эч кимге жашыруун эмес. Бирок бийликтин көчү көпкө узабай, Атамбаев-Жээнбеков ымаласы тез эле ыдырай баштады.
2017-жылы ноябрда Атамбаев президенттиктен кетерине бир күн калганда, Жээнбековдун инаугурациясынын алдында ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун колу менен бажыдагы экинин бири болуп отурган Райымбек Матраимовду кызматтан алдырган. Кийин саясий тиреш күчөгөндө, 2018-жылы 19-мартта Сапар Исаков кызматтан кетип, июнь айында Бишкек жылуулук борборундагы коррупция боюнча камалган. Ачык тирешкен эки тарап саясий жүрүшкө өткөн.
Мурдагы президент Атамбаев тарап көзүр катары Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу документтерди жарыялады. Аны ошол учурда Сапар Исаковдун адвокаты болуп турган Нурбек Токтакунов таратты. Ошентип, Райымбек Матраимов Атамбаев-Жээнбеков тирешинин негизги предметине айланды.
"Маалымат Атамбаев тараптан келген. Мен аны дароо жарыялап жибердим. Анткени ошондо гана андагы маалыматтар такталып же жокко чыкмак. Exсel таблица бар болчу. Анда шайлоодогу акчанын кандай, ким аркылуу корогону жазылган. Шайлоого катышкан адам дароо эле түшүнөт. Тизмеде музыкант, артисттердин ысымы бар эле. Алардын эч кимиси жокко чыгарган жок. Акчанын кимден келгени белгисиз. Бирок Матраимовдон деген шек саноо бар эле", - деген Токтакунов.
Нурбек Токтакунов колундагы документке таянып маалымдаганы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдирген 158 096 175 сомдон көп сумма жумшаган. Токтакунов жарыялаган документте Жээнбековдун штабы чындыгында шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаганы көрсөтүлгөн.
Атамбаевдин командасында Жээнбековдун шайлоо фонду боюнча маалымат болушу мүмкүн эле. Анткени шайлоо штабды Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишиси Фарид Ниязов жетектеп, анын тарапташтары толугу менен Жээнбековго иштешкен. Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева шайлоого байланышкан чуулгандуу документ боюнча маалыматты четке каккан:
“Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат - мөөрү жок, кол тамга жок. Фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген”.
Негизи Сооронбай Жээнбековдун шайлоого кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн Райымбек Матраимов көтөргөнү саясий чөйрөдө жана коомчулукта айтылып эле келген. Бирок Жээнбеков-Атамбаев тандеми бузулбаганда бул маалыматтардын ачыкка чыгышы күмөн эле.
“Тизмегейт” деп аталган шайлоо фондунун акчасына байланыштуу ишти Ички иштер министрлиги тергеп, бирок анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калды.
“Азаттыктын” иликтөөсү, элдин "REакциясы", бийликтин жообу
Жогоруда айтылгандай “Азаттык” Райымбек Матраимовдун бажыдагы күмөндүү иштери боюнча алгачкы жолу 2015-жылы макала жазып, 2017-жылы февралда Уланбек Эгизбаев “Бажыдагы миллиондор” деп аталган журналисттик видео иликтөө жарыялаган.
2019-жылы “Азаттык” Райымбек Матраимов жана анын командасынын бажыдагы былыктары боюнча дагы бир иликтөө жасады. Анда Кыргызстандан 2011-2017-жылдар аралыгында чыгарылган 700 миллион доллар, Матраимов боюнча айтылат. Иликтөө коомчулукта катуу резонанс жаратты.
"Шаки арак сатып байыды, Салымбеков "Дордой" ачып байыды, Эгембердиевдер "Шоро" менен бутка турду. А Матраимов эмне кылып байыды? Эч нерсе жок да. Бажыга 27 жашында келип, катардагы кызматкерликтен баштаган киши. Өзү, аялы, бала-чакасы бизнес кылган эмес. Өткөндө Бажы кызматы ички иликтөөсүн жүргүзгөндөн кийин маалымат таратты. Анда бир эле "Эркечтам" өткөрмө пунктунан эле төрт жылда 28 млрд уурдалганы айтылат. Бул иликтөө оңой болгон жок. Журналисттерге, активисттерге кысым күч болду", - деди Али Токтакунов.
Журналисттерге Матраимовдун бажыдагы көмүскө схемасынын бетин ачкан документтерди берген Айэркен Саймаити 2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон. Ал журналисттерге үлгүрүп берген материалдардын негизинде “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген дагы бир иликтөө жарык көрдү.
Журналистттк иликтөөлөрдөн кийин мамлекеттик органдар Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерип жатканы айтылган. Бирок анын жыйынтыгын уккан, билген киши болгон жок. Ал өзү да бир жолу УКМКга суракка чакыртылган. Иш андан ары жылган эмес. Тескерисинче, бул маселе боюнча үн каткан журналист, активисттер кысымга кабыла баштады. Атайын кызмат “Азаттыктын” ошол кездеги эки журналистин – Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду да суракка чакырган.
Ошол учурда депутаттарга чейин кысым болгонун Дастан Бекешев айтып жатат:
«"Азаттык" Матраимовдор жөнүндө иликтөө чыгаргандан кийин толтура фейктер пайда болуп калды да. Алар "батышчылар атайын ушуну кылып атышат" деп "Азаттыкты" жамандашты. Анан бизде депутаттык комиссия түзүлгөн. Андагы айрым депутаттарга да басым күч болгон. Мирлан Жээнчороевди жамандап, Матраимовду колдогондорду макташкан. Бул эми баарыбызга белгилүү нерсе».
Дастан Бекешев айткан депутаттык комиссия Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин түзүлүп, анын баштапкы курамында Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов да болгон. Кийин Алтынбек Сулайманов экөө комиссиядан чыгып кеткен. Комиссияны жетектеген Талант Мамытов анын тыянагы боюнча мындай дейт:
"Депутаттык комиссия Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн. Иликтөө учурунда башка фактылар чыгып калды. Мисалы, Али Токтакуновдун Саймаити менен бирге кызыкчылыктары, чогуу иш алып барып атканы боюнча чыкты. Ошол эле учурда бажыдагы коррупциялык фактылар чыгып атты. Комиссия Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, биз бардыгын бириктирип, тиешелүү органдарга жибергенбиз".
Анткен менен бул депутаттык комиссиянын курамы, анын иши жана корутундусу эч кимди ынандырган эмес. Кылмыш иши козголуп, депутаттык комиссия ошол маалда тергөө абагында отурган Стамбулдагы мурдагы башкы консул Эркин Сопоков жана Рустам Тиллабаев деген күмөндүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп, бирок Райымбек Матраимовду бир да жолу чакырып, суроо бере алган эмес.
Мындан улам журналисттер жана жарандык коом депутаттык комиссия Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жатат сындаган. Али Токтакунов комиссия төрагасы Талант Мамытовдун өзүнүн жеке кызыкчылыктары болгон деп эсептейт:
"Депутаттык комиссиянын бүтүмү анекдот болгон. Алар иликтеп туруп "бул боюнча журналист жооп бериш керек экен" деген тыянакка келген. Анда бир да жолу Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошол комиссияны жетектеп турган Талант Мамытовдун Матраимов менен дос экени, анын жакындарын өзүнүн жардамчысы кылып жумушка алып жүргөнү, өзү туугандарын бажыга кызматка орноштурганы боюнча да иликтөө жасалган да".
Буга Талант Мамытовдун жообу мындай болду:
"Райымбек Матраимовдун кайниси чынында эле мага жардамчы болуп иштеп кеткен экен. Мен Матраимовдун кайниси экенин билген эмесмин. Ага чейин спортчу балдар келип, "эки айдан кийин которулуп кетет" деп суранышкан. Бир-эки ай өткөндөн кийин гана билдим. Сурасам, ошондой экен. Анан "иним, туура түшүн, силер айткан эки ай убакыт өттү" деп айткам".
Депутаттык комиссиянын талаштуу корутундусу, тиешелүү мамлекеттик органдардын майнапсыз текшерүүсү коомдогу нааразылыкты күчөтө берди. Матраимов маселесине президент Сооронбай Жээнбеков да чекит коё алган жок.
Ошол учурдагы бийликтин Райымбек Матраимов боюнча позициясы элдин нааразылыгын күчөтүп, 2019-жылы 25-ноябрда алгачкы “RЕакция” өттү. Аны Ширин Айтматова жана Нурсултан Акылбек баштаган “Үмүт 2020” кыймылы, жарандык активисттер уюштуруп, күндүн суугуна карабай Ак үйдүн алдына көп адам чогулду. Анда "Райым камалсын" деген чакырык жаңырып турду.
Нурсултан Акылбек бийликтин унчукпай отуруп алганы элди көчөгө чыгарганын айтат:
"Иликтөө жарыяланды. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков унчукпай отуруп албадыбы. Реакция жасалсын деген максатта "REакция" деп чыкканбыз да. Ошондо "Уурда" деген Райымбек Матраимовдун сүрөтү тараган. Ал Шириндин идеясы болчу. Ушундай кылсак. өмүр бою калат дегенбиз. Трафарет кылып бердик. Анан аны жаш балдар сурай башташты. Берип койсок, Финансы полициясынын имаратына тартып кетишиптир. Андан кийин шаарда өтө эле көп жерге чаптап кетишиптир".
“RЕакциядан” кийин бир ай өтүп, 25-декабрда Сооронбай Жээнбеков 2019-жыйынтыгын чыгарып, журналисттерди чогултту. Анда көпчүлүк президенттин Матраимов боюнча жооп күттү.
"Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгер дагы билгениң болсо, ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?!”.
Көпчүлүк президент Жээнбековдун бул жообуна ынанган эмес. Тескерисинче, коомчулукта “мамлекет башчы Матраимовго карыздар” деген жоромолдор мурдагыдан да күчөдү.
"Менин Райым менен тааныш досторум бар да. Алар келип алып, "колуңардан эч нерсе келбейт" деп шылдыңдап кетишчү эле. Президенттин администрациясы менен эки жолу жолугушуу болгон. Ошондо абал башкача кетип атат, Жээнбеков реакция кылбаса, анда өзү кызматтан кетет деп эле айтканбыз. Анткени прокуратура, президент баш болуп бир адамды коргоп атышат. А элдин пикири такыр эле башка болчу да", - деди Нурсултан Акылбек.
Эки күчтүн тиреши, Жээнбековдун отставкасы
Ошентип, Жээнбековдун бийлиги Матраимов маселесине толук чекит койбой, тескерисинче, анын “Мекеним Кыргызстаны” 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо негизги күч, бийликчил партия болуп чыга келди.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор кланы болгон күчүн жумшаган. Алар буга чейин саясий процесстерге көмүскө аралашып келсе, эми саясий майданга ачык чыгышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясына тарапташтарын, адвокатын, өзүн колдоп жүргөн журналист, ырчы-чоорчуларды, саясатчыларды топтоду.
Депутат Жанарбек Акаев "Мекеним Кыргызстан" Жээнбековдордун "Биримдигине" негизги атаандаш болгонун айтып берүүдө:
"Өзүнүн бийлигин Матраимовдор менен бөлүштү. "Адамдарыңды парламентке алып кел, бажыны да кара" деген. Күч органдарына чейин аралашканга, өзүнүн кадрларын койгонго мүмкүнчүлүктү берди. Экинчи саясий топ - Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдор буга караманча-каршы турду. Бирок эки күч бирдей келди да. "Биримдик" бийликке, акчага да таянды, экинчиси каражат, анан таасир менен чыкты. Экөө ошол учурдагы "Ата Мекен", "Республика" жана "Реформа" деген партияларды теңине да алган жок. Оппозиция биякта эле калды. Президенттин жанындагы эки күч тирешип отуруп бүтүндөй парламентти курап коюшту".
Алдын ала күтүлгөндөй эле, 5-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен парламенттеги 120 мандаттын 90у “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанга” тийген. Андан кийин “Кыргызстан” партиясы, акыркы орунда “Бүтүн Кыргызстан” келген. Бийликчил үч партиянын бүтүндөй парламентти ээлеп алышы жапырт нааразылык жаратып, 6-октябрда көтөрүлгөндөр Ак үйдү басып алды. Бул окуянын арты менен талаштуу шайлоо жыйынтыгы жокко чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти.
Депутат Дастан Бекешев "2020-жылы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бийлик алмашып кетпегенде эмне болмок?" деген суроого мындай жооп берди:
"Ошондо "Мекеним Кыргызстан" келсе, анда өтө тартипсиз мамлекет болуп калмак. Аткезчилик аябай күчөмөк. "Азаттыкты" жөн эле жаап салып тим болбой, керек болсо журналисттерге кол салмак. Саймаити эмне болгонун билесиз да".
Октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Садыр Жапаровго да элдин башкы талабы Матраимовду жопко тартуу болду. Ал эски аянтка чогулуп турган элдин алдына чыкканда "Райым миллион камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин" деген.
Райым Матраимов камалган жок. Бирок 2021-жылы УКМК Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ага бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деген айып тагылганын билдирген. Сот 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
Бирок Матраимовдун саясаттагы таасири солгундап калган эмес. Мурдагыдай эле саясий элита, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен коюн-колтук алышып жүргөн. Ага жакын бир нече киши парламентке депутат болуп, Матраимовду коргоп-колдогон сөздөр Жогорку Кеңештин трибунасынан жаңырып турду.
Көлбаевдин өлүмү, Матраимовдун сурагы
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлүп, ошол күнү кечинде Райымбек Матраимов суракка чакыртылган. Андан кийин экс-бажычы өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев менен Матраимовду “мафия” деп атап, аны менен байланышта болгон 200дөн ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынарын айткан. Мындан тышкары депутаттар боюнча да маселе бар деди. Бирок Ташиев эч кимдин ысымын атаган эмес.
“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же ички биздин саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек. Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат", - деген Ташиев.
Буга удаа эле Матраимовдун тарапташы делген депутат Шайлообек Атазовдун тарапкерлери шайлоо боюнча камалып, өзү да УКМКга сурак берип чыкты. Атазов Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда башкы машыктыруучу болуп, Жогорку Кеңеште бир нече жолу Райымбек Матраимовду колдоп жүргөн.
Ноябрда Искендер Матраимов Ташиевдин билдирүүсү боюнча “Азаттыкка” учкай гана пикирин айтып, “клан деген жок” деп жооп берген.
""Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да. Мындай болбойт", - деген Искендер Матраимов.