ФСБ Чеченстандагы 2000-жылдагы кол салууга шектүү киши кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында чеченстандык талаа командири Шамил Басаев менен байланышта болгон деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) 27-марттагы маалыматына караганда, 47 жаштагы Ислам Бациев 2000-жылы Чеченстанда Псков десанттарына кол салууга катышкан деп айыпталууда.

Бациев бир апта мурда камакка алынганы, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «бандитчилик», «куралдуу козголоң», «аскер кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» деген беренелер боюнча айып тагылганы маалымдалды.

2000-жылы 29-февралда Чеченстанда Псков аба-десанттык дивизиясынын ротасы жок кылынган. Расмий маалымат боюнча, десанттык аскерлер Басаевдин 3 миңге жакын кишиден турган отряды менен согушуп, дээрлик баары – 84ү каза болгон.

"Мемориал" укук коргоо борборунун мүчөсү Александр Черкасов орус аскерлери өзүлөрү тараптан атылган артиллериялык соккудан набыт кеткен деген пикирин билдирген.

Бул окуяга байланыштуу 43 киши аныкталганы, алардын 24ү кармалып, соттолгону маалымдалган.

Орусия соңку тарыхында Чеченстанда ага каршы чыккандарды согушкер деп атап эки жолу (1994-1999 жана 1999-2009-жылдары) согуш жүргүзгөн. Он миңдеген жай тургун бул согуштардын курмандыгы болгон.

Басаев БУУнун, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Евробиримдиктин террорчулар деп жарыяланган адамдардын тизмесине киргизилген. Ал 2006-жылы жарылуудан каза болгон. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалдыШереметьеводо кармалып тургандар Кыргызстанга кайтат Элдик курултай мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыкты Райымбек Матраимовдун дагы бир иниси 18-майга чейин камалды