Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Элдик курултай мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыкты


Экинчи Элдик курултай.
Экинчи Элдик курултай.

"Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдун талкуусуна коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, делегаттар курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланса, эми аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушталууда.

Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси былтыр күздө өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG