"Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 140ка жетти

24-мартта Орусияда «Крокус Сити Холлдогу» окуяга байланыштуу Аза күтүү күнү болду.

Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин ооруканага жеткирилгендердин дагы бир каза болгонун бүгүн 27-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

"Тилекке каршы, жараат алгандардын бири каза болду, ал өтө оор абалда эле. Дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашты", - деди министр журналисттерге.

Ошентип, бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 140ка жетти.

Дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын, абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.

Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалды Тажикстан жана Өзбекстан Орусиядагы жарандарын этият болууга чакыруудаТоктогазиев: Матраимов-Көлбаев системасы талкаланып жататЖаныбек казынын Шинжаңдагы күрөшү