Тажикстан жана Өзбекстан Орусиядагы жарандарын этият болууга чакырууда

Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт.

Жүз миңдеген жараны Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Борбор Азия өлкөлөрү аларды соңку теракттан кийин түзүлгөн кырдаалга байланыштуу этият болууга чакырып жатышат.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигине караштуу Коомдук кеңеш 26-марттагы кайрылуусунда бул өлкөдө чет элдиктерге көзөмөл күчөгөнү, кандай гана маалымат болбосун, ар кайсы тайпалардан эмес, орусиялык жана тажикстандык расмий органдардан, алардын сайттарынан алуу керектиги айтылды.

Ошону менен катар Telegram каналдарда, топтордо жана башка социалдык түйүндөрдө ар кандай радикалдуу жана экстремисттик топтор адамдарды террордук акт жасоого азгырып жатканы, андайлардан оолак, этият болуу зарыл экени эскертилди.

Орусиядагы жарандарына Өзбекстан да кайрылды. Бул өлкөнүн Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин кайрылуусун 27-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялады.

Анда Москва облусунда террордук чабуулдан кийин күчөтүлгөн коопсуздук чараларын эске алуу, бардык тийиштүү документтерди жанында ала жүрүү керектиги, зарылчылык болбосо эл көп топтолгон жерлерге барбай коё туруу керектиги белгиленди.

Чоочун же шектүү адамдар менен байланышуунун, телефондо же башка каражаттарда тыюу салынган сүрөт, аудио же видеоматериалдарды сактап жүрүүнүн да кереги жоктугу айтылды.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити Холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Кеминде 140 кишинин өмүрү кыйылды.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду.

Окуядан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга мамиле өзгөргөнү, алардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаралганы социалдык түйүндөрдө кабарланууда. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош: Райымбек Матраимов үч бир тууганы менен камалды Токтогазиев: Матраимов-Көлбаев системасы талкаланып жататЖаныбек казынын Шинжаңдагы күрөшүСот Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакка алды