АКШда көпүрөдөгү кырсыктан алты киши каза болгону кабарланды

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында көпүрөдөгү кырсыктан кийин дайынсыз болуп жаткан алты киши каза болду деп жарыяланды. Аларды издөө 27-марттын таңына чейин убактылуу токтотулду.

Алтоо тең ошол учурда көпүрөнүн ортосунда майда оңдоо иштерин жүргүзүп жатышканын, дарыянын тереңдигин жана кырсыктан бери өткөн убакытты эске алганда алардын тирүү калышы күмөн деген тыянак чыгарылганын ишкананын жетекчилиги жана Мэриленддин транспорт министрлиги билдирди.

Associated Press маалымат агенттиги кабарлагандай, полицияга көпүрө жакты көздөй сүзүп бараткан жүк ташуучу кеме менен байланыш жок болуп жатканы тууралуу сигнал түшкөн. Полиция көпүрөдөгү кыймылды токтотууга үлгүргөн, бирок жумушчуларды чыгарып кетүүгө жетишпей калышкан.

Жумушчуларга көпүрөдөн кетүү керектиги ички байланыш аркылуу айтылганы, бирок 30 секунда гана убактысы болгону маалымдалды.

Каза болгондордун экөө Гватемаланын жараны экени аныкталды. Жарандары дайынсыз болуп жатканын Гондурастын жана Мексиканын Тышкы иштер министрликтери да билдиришти.

Кырсык 26-мартта болгон. Төрт тилкелүү 2,5 чакырымга созулган автоунаа көпүрөсү кулап түшкөн. Патапско дарыясындагы бул көпүрөнүн тирөөчүн жүк ташуучу кеме сүзгөн. Андан соң өрт тутанып, көпүрө кулап түшкөн.

Балтимор порту - ири транспорттук түйүн. Көпүрөнү калыбына келтирүү канча убакытты талап кылары азырынча айтыла элек. Америкалыктарга бул окуядан улам айрым товарлар тартыш болору эскертилди. (RK)

Дагы караңыз

Министр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко берди11 журналисттин иши: сот үч кишинин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырдыШереметьеводо кармалып турган 50дөй кыргызстандык 27-мартта кайтып келет"Буга чейинки теракттар дыкат иликтенген эмес". Путин эмне үчүн Киевди айыптады?