Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун артында Украина турганына ишенерин билдирди.
26-мартта журналисттин “Чабуул артында “Ислам мамлекети” же Украина турабы?” деген суроосуна жооп берип жатып, Патрушев “Албетте, Украина” деп айтты.
Андан мурунку күнү орус президенти Владимир Путин кол салууга байланыштуу экинчи жолу сөз сүйлөгөндө муну радикалдуу исламчылар ишке ашырганын моюнга алып, ошол эле маалда Киевдин да тиешеси бар экенин кайталады. Анын айткандарына караганда, тергөөнүн бул версияга байланыштуу далили жок. Путин андан тышкары кол салууга айыпталып жаткандар Украинага качууга аракеттенген деген версияны кайра козгоду.
Бирок Baza Телеграм-каналы шектүүлөрдүн машинеси Украинага эмес, Беларуска жакыныраак жерде токтотулганын жазды.
Украин президенти Владимир Зеленский 23-мартта Путинди Украинага айып такканы үчүн күнөөлөдү. Муну менен катар кол салууга орус бийлигинин тиешеси болушу ыктымал деп кыйытты.
Ага чейин Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов шектүүлөр украин чек арасынан өтүүгө аракеттенген, ал жерде "атайын өтмөк" ачылган деген Путиндин божомолу суу кечпей турганын айткан. Эмне дегенде согуш башталгандан бери чек ара аймагы "аскерлерге, атайын кызматтардын агенттерине, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине шыкалган".
Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү жума күнү кол салууну Киевге байланыштыруу аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.
"Украинанын ошол кол салууга тиешесин көргөзгөн эч кандай далил жок. Орус өкмөтүн Москвадагы кол салууну Украинага каршы мыйзамсыз агрессияны жана ички репрессияларды күчөтүү үчүн жүйө кылып колдонбоого чакырабыз", - деп билдирди Еврокомиссиянын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Питер Стано.
25-мартта Франциянын президенти Эммануэл Макрон "бул контекстти Украинага каршы пайдалануу аракети тескери натыйжа берерин" эскерткен.
"Москва кандуу кол салууну мобилизация жарыялоо үчүн колдонушу мүмкүн"
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков “Настоящее время” телеканалына курган маегинде кол салууга Украина күнөөлүү деген идеяны орусиялыктардын мээсине сиңирүүгө аракеттенишкенин белгиледи:
“Путин согушту улантууну көздөгөн чакта ага фронтто ийгиликке жетүү маанилүү. Кошумча мобилизациясыз ал мүмкүн эмес. Андыктан күнөөнү Украинага оодаруу аракетин көрүшүүдө деген ыктымалдыкты жокко чыгарбайм. Сыягы, муну болочок мобилизацияны актоо максатында жасашууда”.
Саясатчы айрымдар атүгүл кошуна өлкөгө өзөктүк сокку урууну сунуш кылганын эске салды. Муну менен кошо радикалдарды ооздуктоого аракеттенген күчтөр да бар экенин белгиледи.
“Кармоолор, суракка алуулардын айланасындагы окуялар анча ынандырбайт. Алардын украин версиясы коошпой жатат көрүнөт”, - деп улантты Гудков.
Кремлчил медиа өкүлдөрү да бийликтин айткан-дегенин сүрөөнгө алып жатат. RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян: ”Ислам мамлекети” жөнүндө сөз болгон. Бул хохолдор жасаган иш”, - деп айтты.
“Комсомольская правда” гезити теракт үчүн “Британиянын, Американын жана Украинанын атайын кызматтарын” айыптаган комментарийди басып чыгарды.
Гудков “Кремль буга чейин өлкөдөгү кандай болбосун трагедияны өз пайдасына оодарганын” кошумчалап, мисал катары Путин бийликке келгенден кийин жардырылган турак үйлөр, Беслан, “Норд-Осттон” кийин Орусияда катаал чаралар көрүлө баштаганын эске салды.
Еврокомиссиянын өкүлү Стано буга чейин да орус жергесинде кол салуу болгонун, бири да жакшылап иликтенбей, бети ачылбай калганын белгиледи. “Мындай жагдай бир топ суроолорду, анын ичинен бийликтин мамилесине байланышкан суроону жоопсуз калтырууда”, - деп айтты дипломат.
Кремль буга чейинки теракттардан кандай пайда тапкан?
"Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салууну өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүнбү?” деген теманы маалымат каражаттары, аналитиктер да талдап жатышат.
NBC news 24-марттагы макаласында Лондондогу Chatham House борборунун изилдөөчүсү Жон Лафтын пикирине орун берген. Анын пикиринче, орус элитасында башка актуалдуу коркунучтар бар болуп туруп, Украинадагы согуштун айланасында ушундай кеп-сөздөрдү айтуунун эмне кереги бар деген маселе козголушу мүмкүн.
Дагы бир аналитик Кир Жилс Путиндин чабуулду Украинага байланыштыруу аракетин, шектүүлөрдүн ал өлкөгө кирип качуусуна жол ачып беришкен деген сөздөрдү четке кагып, андай болсо, орусиялык күчтөргө катуу кайтарылган жана миналанган тилкеден өтүүгө туура келмек, “бул – жомок” деген оюн айтты. Ал ошондой эле мындай жүйө мобилизациянын жаңы толкунун колдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн деп эсептейт.
Politico медиа уюму Путин бийликке келгенден бери болгон 15 чакты террордук чабуулдардын айрымдарынан кийин Кремль кандай пайда тапканын талдап чыкты.
Алсак, орус лидери өкмөт башчы болуп турган кезде, 1999-жылы 4-16-сентябрь күндөрү бир нече шаарда турак жайлар жардырылган.
307 кишинин өмүрүн алган трагедия үчүн бийлик чечен жикчилдерди айыптаган. Айрымдар кол салууларды коопсуздук кызматтары өздөрү уюштурганын азыркыга чейин айтып келет. Өзгөчө шектенүүнү Рязандагы окуя жараткан. Жергиликтүү тургун Москванын номерлери тагылган машина менен келген бир нече бейтааныш киши үйдүн жер төлөсүнө сумкаларды таштап кеткенин айтып берген. Маалымат каражаттары ошондо жардыруулар болгон башка жерлердей эле баштыктарда гексоген күкүмү жана таймер табылганын жазышкан.
Ошол маалда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын жетектеп турган Николай Патрушев “баштыктарда машыгуу үчүн пайдаланылган шекер бар болчу” деп, айыптоолорду четке каккан.
Politico: "Путин ошол жардыруулардан кандай утушка ээ болгон?", – деген суроого жооп берип, Москва Чеченстанды кайрадан аткылоого киришкенин, жикчил жумуриятта экинчи согуштук кампанияны баштаганын жазат. Анын аркасы менен Путин кадыр-баркын арттырып, 2000-жылы мартта президенттик шайлоодогу жеңишке жеткен.
Андан ары айтылгандай, Британияда жүргүзүлгөн иликтөө орус коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненко ошол теракттар атайлап уюштурулганын, Рязань “ФСБнин фиаскосу” болуп калганын жазгандан кийин Лондондо орусиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Макалада андан тышкары Беслан, “Норд-Ост”, Москва, Петербург шаарларындагы метролордогу теракттар сөз болгон.
Петербургдан кийин орус бийлиги уюштуруучулар Телеграм кат алышуу тиркемесин колдонушканын айтып, аны бөгөттөп, мессенжердин жетекчилиги маалыматтарды коопсуздук кызматы менен бөлүшүп турууга макул болгондон кийин 2020-жылы блокту алып салган.
Андан ары “Крокустагы” чабуулдан кийин Кремлден кандай кадамдарды күтсө болору талданган.
“Мемориал” адам укуктарын коргоочу борборунун өкүлү Сергей Давидистин көз карашында, Орусияда өлүм жазасы калыбына келтирилиши, көбүрөөк чектөөлөр киргизилип, террорчулукка шек саналгандарга каршы катаал чара көрүүгө жол берилиши ыктымал.