11 журналисттин иши: сот үч кишинин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы каралган учур. 5-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаардык соту 27-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, аталган медианын мурдагы кызматкери, “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Жактоочулар журналисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

"Азаттыктын" ушул тапта сотто жүргөн кабарчысы “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовдун да бөгөт чарасы караларын билдирди.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыккан. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (NA/КЕ)

Дагы караңыз

УКМК аткаминер чет өлкөгө чыгарылган 1,5 млн долларды кайтарганын билдирдиМинистр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко бердиАба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталуудаКыргызстанда былтыр өрттөн 35 адам каза болду