Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Бишкекте кечке маал бир аз жаан жаашы ыктымал. Күндүз жана түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Мурдагы бажычы Нурбек Айбашев алдамчылыкка айыпталып жатканы кабарланды Кино ишмерлер пираттык жол менен тасма тараткандарга чара көрүүнү өтүндү“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Ураимов абактан жазасын өтөп чыктыКөлбаевдин "Данила" деген каймана аттуу айдоочусу кармалды