Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 2024-жылдын 1-мартына карата 87,9 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 8,6 пайызга аз. Бул маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" ырастады. Жумушсуз катары расмий катталган адамдардын саны 65 миңден көбүрөөк, алардын саны былтыркыга караганда 12% аз. Жумушсуздардын 44,3 пайызын аялдар түзөт. Иши жок аялдардын саны, тескерисинче, 1 пайызга жакын көбөйгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2023-жылдын соңунда 91,6 миң адам иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган. 16 700 адам иш менен камсыз болгон. Жалпы Кыргызстан боюнча 70 479 адам расмий жумушсуз болсо, анын 43,8 пайызын аялдар түзөт.
Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө жумушчулар жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги 1-июлга карата өлкөдө 12 465 жумушчу орду бош турганын билдирген.
АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) быйылкы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.(КЕ)
Дагы караңыз
Кулубаев Кыргызстан терроризмге каршы күрөштү колдоорун билдирди Грузияда ЛГБТ өкүлдөрүн чектей турган мыйзам даярдалуудаОрусиянын Новочеркасск электр станциясында өрт чыктыТИМ кыргызстандыктарды зарыл иш болбосо Орусияга барбай турууга чакырды